Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Украин бийлиги Авдеевка, Северодонецк, Мариупол шаарларына сокку урулганын билдирди


Украинанын Авдеевка шаарындагы коксохимиялык заводу (АКХЗ) орус аскерлери тарабынан массалык аткылоого дуушар болду.

"Снаряддар биринчи жана экинчи кокс цехине, чайыр жана көмүр даярдоочу цехке жана кампага түшкөн. Жабыркагандар жок", - деп билдирди "Интерфакс-Украинага" "Метинвест" тобунун басма сөз кызматы. Аткылоодон улам Авдеевка айылын жылуулук менен камсыз кылган Донецк облусундагы ЖЭБ токтоп калды.

АКХЗ Европадагы эң ири коксхмиялык завод жана Украинадагы негизги кокс өндүрүүчү.

Северодонецкиге урулган соккудан ондогон турак үйлөр жана кесиптик окуу жай (училище) күйүп кетти, эки киши жабыркады. Эртең менен үй-жайсыз калган жарандар баш калкалап жаткан Северодонецкидеги Христо-Рождественский кафедралык собору аткылоого учурады.

Орусиялык күчтөр Украинанын түштүк-чыгышында жайгашкан Мариуполдо турак жайларды аткылоону улантууда. Үйлөр талкаланып, кол салуудан курман болгон жергиликтүү тургундардын сөөктөрү көчөлөрдө жатканы кабарланды.

Орус аскерлеринин курчоосунда калган Мариуполдо 18 күн мурда согуш башталгандан бери 2187 адам каза болгонун шаардык кеңеш 13-март күнү кечинде билдирди. "Мариупол күн сайын аба чабуулдарынан жапа чегип келет. 24 сааттын ичинде тынч шаарды кеминде 22 бомбалоо болду”, - дейт кеңеш. Жергиликтүү бийлик шаарда 400 миң тургун тосмодо калганын белгилеп жатат. Рим папасы Франциск жекшемби күнү Ватиканда Мариуполду "Шейиттер шаары" деп атады.

Украинанын түндүгүндөгү Черниговск облусунда өкмөттүк күчтөр Киевди жарып өтүп бараткан орусиялык танк колоннасын талкалады, бул тууралуу украин командачылыгы 13-мартта өткөрүп берди.

Украина президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Алексей Арестович орусиялык күчтөрдүн Киевге чабуул коюусу азырынча мүмкүн эмес экенин билдирди. Буга чейин алардын Украинанын борборунан 25 чакырым алыстыкта топтолушу тууралуу маалымат болгон. "РБК-Украина" жазгандай, Арестович "Киев боюнча тынчсызданбай эле койсо болот. Киевге багыт алган бардык күчтөр жок кылынды", - деп билдирген. Агенттик аткылоого карабастан украин аскерлери контрчабуулга өтүп, Харьков, Мариупол, Николаев, Сумы, Черниговск жана башка шаарларды коргоону колго алып жатканын жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 13-мартта Украинанын Львов облусундагы аскерий объектилерине жасалган соккудан "чет элдик 180ге чейин жалданма жоокер" өлтүрүлгөнүн билдирди. Москва "ЛПР" деп аталган күчтөр Попасная шаарын, ал эми орус куралдуу күчтөрү Павловка, Никольское, Благодатное, Водиановка жана Владимировка конуштарын толук көзөмөлгө алганын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG