Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Эки оттун ортосунда калган Баку, Путинге ачууланган олигархтар


Орусиялык олигарх Роман Абрамовичтин кемеси. Монтенегро, 12-март, 2022-жыл
Орусиялык олигарх Роман Абрамовичтин кемеси. Монтенегро, 12-март, 2022-жыл

Украинадагы согуш, Орусияга салынган санкциялар дүйнөлүк маалымат каражаттары кайрылган негизги тема.

Бакунун позициясы

Deutsche Welle 10-мартта “Эки оттун ортосунда же эки үстөлгө отуруу аракети” деген макалада Азербайжандын позициясына токтолгон.

"Киевге жаны ачыганын билдирип, гуманитардык жардам бергени менен, Баку бейтараптуулукту сактап турууга, кайсы бир тараптын таламын талашпоого аракеттенүүдө", - деп башталат макала. Азербайжан бийлиги азырынча так позициясын билдире элек. Согуш башталгандын эртеси президент Илхам Алиевдин жардамчысы “маселени эл аралык укуктун принциптерине ылайык дипломатиялык жолдор менен чечүү” керектигин белгилеген. Ошондон бери Баку конкреттүү эч нерсе айта элек. Макаланын автору муну бир нече себепке байлайт. Бир четинен Азербайжандын Тоолуу Карабак талашына көз карашы Киевдин Крым жана Донбасс боюнча позициясына дал келет.

Алиев президент Владимир Зеленский менен жолугушууда Украинанын аймактык бүтүндүгүн тааный турганын айткан. Экинчи жагынан Орусия Азербайжандын маанилүү стратегиялык жана экономикалык өнөктөшү. Макаланын автору Карабакта орусиялык бейпилдик күчтөрү жайгашканын да эске салат. Ушул жагдайлардан улам Азербайжан БУУнун Башкы ассамблеясында Орусиядан Украинага каршы согушту дароо токтотууну талап кылган резолюция боюнча добуш берүүгө катышпай койгонун болжолдойт. Постсоветтик жумурияттардын арасынан Өзбекстан менен Түркмөнстан да ушундай кадамга барган.

Макалада ошондой эле Тбилисиден айырмаланып, азери башкалаасынын көчөлөрүндө украин желектери дээрлик жок экени, ошол эле маалда 7-мартта ал өлкөнүн элчилигинин алдында Украинаны колдоо акциясында “Путин жогол!” деген ураандар да жаңырганы айтылат.

"Азербайжанда уруксат берилбеген митингдерди уюштуруу оңой эместигин эске алганда, байкоочулар белгилегендей, демек бийлик акцияны өзү жактырган", - деп улантат автор. Андан тышкары Азербайжанда Украинага гуманитардык жардам чогултулган, өкмөт болсо дары-дармек, күйүүчү май жөнөттү.

Deutsche Welle жергиликтүү эксперттердин пикирлерине орун берген. Алардын айрымдары мындай масштабда болбосо да, Азербайжан согушту башынан кечиргенин, андыктан коом украин элине жан тартаарын, бирок расмий Баку Орусиянын дарегине катуу сөз айтуудан, ал өлкө же башка ири кошуналар менен тирешүүдөн карманарын белгилешет. Башкалары болсо бийлик Путиндей калкалоочудан кол жууп калууну каалабайт дешет. Макалада ошондой эле Москвага каршы киргизилген санкциялардын кесепети Азербайжанда да сезилери жазылган.

Олигархтардын Путинге ачуусу келдиби?

Италиянын Corriere della Sera гезити эмне үчүн Орусиядагы олигархтарды бутага алуу маанилүү деген темага кайрылган. Алессандро Трочино Украинадагы согушка байланыштуу санкцияларды салууну, чириген байлардын активдерин, мүлкүн камакка алууну чечкен мамлекеттер катардагы элди эмес, биринчи кезекте мультимиллиардерлерди жазалоону көздөй турганын жазды.

Автор "өтө жөнөкөй угулганы менен, байлардын акчасын тартып алса, бардыгы урайт, пайдубалдан бир нече банкнотту сууруп алса, бетондой бекем система кыйрайт" деп улантат.

Пандора кагаздарынан баштап салыктан качуунун башка схемаларын иликтеген профессор Брук Харрингтондун сөздөрүн келтирет. Анын айтымында, байларга бай болуу жетиштүү эмес, алар жыйнаган байлыгы менен мактанганда гана алымсынат. Эксперт 15 жыл миллиардерлер оффшордогу мүлкүн кантип салык кызматтарынан жашырганын, мурдагы аялдарынан, бизнес өнөктөштөрүнөн кантип катканын иликтегенден кийин “олигархтардын тобокелдикке карабай, байлыгы менен мактанмайынча жашай албаганына таң калганын” айткан.

Макаланын автору Эйфель мунарасынын фонунда сүрөткө түшкөн өспүрүм сыңары олигархтар "Инстаграмды" мактаныч аянтына айлантып алышты деп жазат. “Северсталь” компаниясынын жетекчиси Алексей Мордашовдун 65 метрлик яхтасын конфискациялоо үчүн "Италия жетекчилигине андай посттордун да кереги жок болчу, кеме ачык эле турган" деп белгилеген.

Трочино Путин Орусияны ошондой олигархтардын финансылык клубунун жардамы менен башкарганын кошумчалап, "айрымдарын калкалагандыгы үчүн, алар президентке мүлкүн чет өлкөлөргө катууга көмөктөшкөн" деп жазды.

Макалада мурда "Инстаграмда" яхталарын байма-бай чыгарып жүргөн айрым олигархтар "согуш башталгандан бери бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылууда" деген өңдүү постторду жаза баштаганы айтылат.

Миллиардерлердин мурункудай мактана албаганы, мүлкүн жоготуп алуу коркунучу бийликке каршы кыжырдануусун күчөтөбү?- деген собол салган журналист, мунун баары Путинге каршы козголоңго алып келеринен күмөн санап, бирок жетекчилик үчүн маанилүү адамдарга психологиялык кысым болуп жатканы калетсиз экенин болжолдогон.

XS
SM
MD
LG