Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Орусия Украинага чабуулун күчөттү


Украина, Киевдин түндүк-батышындагы орусиялык ракеталык аткылоорлор. 12-март, 2022-жыл
Украина, Киевдин түндүк-батышындагы орусиялык ракеталык аткылоорлор. 12-март, 2022-жыл

Орусия үчүнчү жумага караган Украинага согушунда аскерлерин кайра топтоп, бардык фронттордо чабуулга өткөнү кабарланууда.

12-март күнү Киев шаарынан түндүк-батышында айыгышкан салгылаштар жүрүп жатканы маалымдалды.

Британиянын Коргоо министрлиги орусиялык жөө аскерлердин негизги бөлүктөрү Киевге 25 чакырым жакындап келгенин билдирди. Анын тараткан маалыматы боюнча, курчоодогу аймактар оор артиллериядан жана танктардан катуу аткыланууда.

Киевдин жанындагы Подол шаарында жардыруу болуп, Сбербанктын имаратында өрт чыкканы кабарланды. Киев облусуна урулган аба соккуларынан Квитневе айылындагы азыктарды сактоочу кампалар күйүп кетти. Авиабомбалардын соккуларынан Черниговдогу "Украина" мейманканасы талкаланганы белгилүү болду. Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку оор соккуларга туруштук берүү дараметин айтып, бул согуштагы чечүүчү учур жакын калганын билдирди:

"Азыркы маалда бүт Орусия боюнча резервисттер менен милдеттүү аскердик кызматтагыларды чогултуп, согуш отуна салып жатат. Биздин элге каршы бир кезде ушул эле оккупант талкалаган Сириядан жалданма баш кесерлерди жумшайт деген кимдин оюна келсин", - деди президент Зеленский.

Орусиянын президенти Владимир Путин 11-мартта коргоо министри Сергей Шойгуну кабыл алып, батыш чек араларын чыңдап, чабуулдарды күчөтүүгө буйрук берген.

Украинанын Куралдүү күчтөрүнүн Башкы штабы орусиялык күчтөр 12-мартка караган түндөн бери Киевден башка Николаев, Сумы, Васильков жана Кропивницкий шаарларын тынымсыз аткылап жатканын билдирди.

Адам өлүмү жана жабыркагандар тууралуу азырынча расмий маалымат чыга элек.

БУУнун маалыматы боюнча согуштун айынан 2,5 миллиондон ашуун калк Украинадан чыгып, дагы 2 миллиодой адам өлкөнүн ичинде жер которууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG