Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Сахнада кубулган, жашоодо шашкан талант эле...


Муканбет Токтобаев .
Муканбет Токтобаев .

Кыргыз эл артисти, белгилүү актер Мукамбет Токтобаев - театр, кино өнөрүнүн эң жарык жанган жылдыздарынын бири эле.

1980-жылдары улуттук академиялык драма театрда Токтоболот Абдымомуновдун "Машырбек үйлөнөт" комедиясы коюлуп, башкы каарман Машырбекти Мукамбет Токтобаев укмуш ойногон. Ошондогу көрүнүш азырга чейин эсимде.

Актер сахнада миң кубулуп, Машырбектин жойпулугун, аксымдыгын, кошоматтанганын кыймылы менен эле эмес, ички күч-кубат (энергия), жан дүйнөсү (актердук өнөрдө внутренний-психологический моторика) аркылуу берилип аткарган. Дикциясы, артикуляциясы да мыкты ар бир сөзү кулака кыт куйгандай муюйт. Ошондо анын кубулуунун (перевоплощение) чебери экенине көзүм жеткен. Мындай чеберчилик бардык эле актердо боло бербейт эмеспи.

Дагы бир кейипкери - Танабай. Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрында Чыңгыз Айтматовдун "Жаныбарым Гүлсары" повестинин негизинде спектаклди режиссер Искендер Рыскулов​сахналаштырып, биринчи курамы А.Өмүралиев, экинчи курамда М.Токтобаев ойногон.

Спектаклде жаан нөшөрлөп, кашарды кыян алып кой-козуну сактап калууга жан алекет түшкөн Танабай- Мукенин аргасы кетип "кош-кош" деп этегин кагып шалдырап келатканы бир укмуш. Бул көрүнүштө жашоодо алсыз, баарынан кечкен кейипкерди аяп кетесиң.

Көпчүлүк артисттерге экинчи ролду берсе, анчейин маани беришпей, илең-салаң болуп жүрө беришет. Ал эми Мукем болсо, тескерисинче, кашкөйлөнүп иштеп, өз алдынча изденип, образды мыкты чыгарчу.

Бекеринен адистер "образдык чечилиши күчтүү спектакль" деп баа беришпеген чыгар. Аталган спектакль 1984-жылы Алматыда, 1986-жылы Москвада көрсөтүлүп, жогору бааланган. Токтобаевдин чыгармачылык потенциалы М.Рыскулов, А.Кыдырназаров, К.Медетбеков, С.Жамановдун катарында деп баа беришкен.

Мээнеткеч өнөрпоз

Мукемден чыгармачылыгы тууралуу интервью алганы барып, кенен баарлашып отурганбыз. Ошондо тынбаган аракетинин арты менен көп нерсеге жеткенин айтканы бар.

Муканбет Токтобаев 1947-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында төрөлгөн. Айылындагы мектепте 7-класска чейин окуп, атасынын кеңеши менен Балыкчыдагы орто мектепте окуусун улантат.

Балыкчы мектебинде драмалык ийрим уюштуруп, комуз, мандолина чертип, аккордеондо ойноп, окуучулар арасында жылдызы жанат. Анын шык-жөндөмүн туйган Балыкчы шаардык маданият тармагынын жетекчиси мектепти аяктагандан кийин эле көркөм жетекчилике дайындайт.

Жан дүйнөсүнө дүрбөлөң салган чыгармачылык шыгын арттыруу максатында Фрунзеге келип, филармонияга жумушка орношот. Ал жер көңүлүнө толбой Кыргыздрам театрына келген.

Театр өнөрүнө кызыккан уландын ырчылык жөндөмүн көргөн залкар Муратбек Рыскулов аны опера-балет театрынын студиясына өткөрөт. Окуу көңүлүнө толбой, кайрадан Балыкчыдагы маданият үйүнө барып жумушун улантат.

1967-жылы Балыкчыга барып калган залкар актер Сыдыкбек Жаманов анын жөндөмүн көрүп, Москвадагы А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр искусство институтунун (ГИТИС) тапшыра турган жаштардын тизмесине кошкон. Муканбет Токтобаев сынактан ийгиликтүү өтүп, кыргыздын жыйырма төрт улан-кызынын ичинде артисттик кесипке окуганы Москвага келет.

Ошол кездеги советтик театрларынын дөө-шааларынан таалим-тарбия алып, 1972-жылы окууну аяктап курсташтары менен жаңыдан ачылган Ош облустук кыргыз драма театрына кирет. Ал жерде бир нече ролдорду, өзгөчө К.Жантөшевдин "Курманбек" эпикалык драмасында Тейитбек хандын ролун чебер ойноп, өнөр адамдарынын назарына түшкөн.

1972-жылы Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук академиялык драма театрына которулуп, алгачкы ролу Машырбекти ойногон. Жогоруда ошол ролун эскерген элек. Машырбек менен актердук аткаруучулуктун жаңы боёгун ачкан.

Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасында Семетей аркылуу эпикалык ролго масштабдуу жаңылык киргизген.

Мукамбет Токтобаевдин 2015-жылы "Азаттыкка" курган маеги (архив видео)

Токтобаевдин обончулугу да өзгөчө кайрыктары менен айырмаланчу. Ал курсташы Акылбек Абдыкалыковдун сөзүнө жазылган "Каркыралар" деген ырын Дүйшөн Байдөбөтов аткарганда жан дүйнөнү аңтарып кетчү.

Кийинчерек жаштардын сүйүктүү ырына айланган "Кыздар жана көйнөктөр" ырынын сөзүн Б.Сарногоев жазган. Сөзүн С.Эралиев жазган "Биз отурган автобус", өзүнүн "Ышкырык" деген ыры элге бат алынып, бат сиңген.

Мукемдин кесиптеши, Эл артисти Калича Сейдалиева анын шашмалыгын кейип эскерди эле.

"Муканбет байке менен телевидение, киностудия же бир жакка баратканда жөө жүргөндө шашып, кыйма-чийме автоунаалар өтүп жатканына карабай туш келген жерден секирип-секирип өтүп кетчү. Шашмалыгы бар болчу. Коюңузчу байке, катуу келаткан бирөө коюп кетсе эмне болот, жаш бала болуп кетесиз да десем, "шопурдун деле көзү бар" дейт эле. Ошентип жүрүп акыры өзү студиядан окуткан бала коюп кетип отурбайбы", - деп үшкүргөн.

М.Токтобаев 2015-жылы жайында Бишкекте автожол кырсыгынан каза болгон. Ал элдин эсинде өзү жараткан образдары менен калды.

Театрда жараткан ролдорунан сырткары кинодо "Фудзиямадагы кадыр түн", "Чиркин өмүр", "Айыл өкмөтү", “Белгисиз маршрут”, "Сокур кемпир көрөгөч", "Президент менен бомж" тасмаларына тартылган.

XS
SM
MD
LG