Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

БШК талапкер Атазовдун каттоосуна байланышкан маселени карады


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Свердлов округу боюнча талапкер Шайлообек Атазовдун талапкер катары каттоосуна байланышкан маселени 10-марттын кечинде карады. Жыйынтыгында Атазовдун каттоосун күчүндө калтыруу чечими чыгарылды.

Ага каршы аталган округдан шайлоого катышкан дагы бир талапкер Аскар Алмаз уулу арызданып, аны добуш сатып алууга айыптаган.

Укук коргоо органдары арыз боюнча териштирүү жүргүзүп, добуш сатып алуу фактысы аныкталбагандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартканын билдиришти.

Бул округдан дагы бир талапкер Ирина Карамушкина болсо атаандаштары - Абдурахманхажи Муртазалиев, Шайлообек Атазов, Аскар Алмаз уулу жана Элнура Алкановага каршы арызданган.

Укук коргоо органдары Карамушкинанын арызында көрсөтүлгөн фактылар да далилденген жок деп маалымдады.

Боршайком шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун 9-мартта жокко чыгарган. Буга добуш сатып алуу фактысы себеп болгону айтылган.

Абдурахманхажи Муртазалиев өз дарегине айтылгандарды "каралоо" деп баалаган, БШКнын чечимин сотко берерин билдирген.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Свердлов округунда 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, ал эми 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.

Бул округдарда былтыр 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

XS
SM
MD
LG