Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:26

Кулеба: ок атууну токтотуу боюнча жылыш болгон жок


Дмитрий Кулеба жана Сергей Лавров. Коллаж.
Дмитрий Кулеба жана Сергей Лавров. Коллаж.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба орус тышкы мекемесинин башчысы Сергей Лавров менен кездешүүдө ок атууну токтотуу жаатында жылыш болбогонун билдирди.

Анталиядагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Кулеба Лавров орус аскерлери курчоого алган Мариуполь шаарынан элди чыгаруу үчүн гуманитардык коридор түзүлөт деген милдеттенме албаганын айтты.

Министр Киев согушту токтотуу үчүн Москва менен байланышты уланта берерин кошумчалады.

Сергей Лавров Орусиянын сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенин, Беларус менен чек ара аймагында өткөн буга чейин жолугушуулардын үчүнчү айлампасында жылыш болгонун белгиледи.

Анын айтымында, Москва каршы тарапка жаңжалды токтотуу боюнча сунуштарды берди, Киевден жооп күтүп жатат. Кулеба ал сунуштарды толук капитуляция талабы катары сыпаттады.

10-мартта Анталияда өткөн үч тараптуу сүйлөшүүгө түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да катышты.

XS
SM
MD
LG