Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:46

Министрлик "Жайыттар" мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берди


Айыл чарба министрлиги 9-мартта Жер кодексине жана “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору тууралуу түшүндүрмө таратты.

Анда мыйзам долбоорунун концепциясы жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында өздөштүрүүгө берүүгө багытталганы айтылган.

Кыргызстанда 9 миллион гектар жайыт бар. Чөп жакшы чыкпаган жайыттар 500 миң гектарга чейин.

Министрлик анын 10% бакча катары өздөштүрүлөрүн, бул Кыргызстандагы жемиш бактары тигилген жерден эки эсе көп экендигин айтууда.

2015-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 36 миң гектар жерде гана көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн.

Мекеме өздөштүрүлгөн жайыттар жеке менчикке берилбей турганын, айыл чарба аянтынын мамлекеттик фондунун курамына киргизилип, 5 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилерин кошумчалады.

Буга чейин мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде каралып, айрым депутаттар ага каршы чыккан. Депутат Султанбай Айжигитов документ "жерди бай адамдарга алып берүүгө жол ачат" деп сындаган.

XS
SM
MD
LG