Орусия-Украина согушунун экономикалык кесепеттерин жеңилдетүү үчүн Кыргызстандын өкмөтү өлкөгө валюта алып келүүнүн альтернативалык жолдорун табышы керек. Бул тууралуу Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Экономисттин айтымында, Орусияга салынган санкциялардын кесепетинен акчанын куну кетип, мигранттардын которгон акчасы кескин азайып, эл жакырланып, экономикалык абал начарлап кетиши ыктымал.
- Украинада жүрүп жаткан Орусия-Украина согушу дүйнө өлкөлөрүн саясий-экономикалык, моралдык оор кесепеттерге алып келүүдө. Кыргызстанга таасири кандай болуп жатат?
- Кырдаалды акча алмаштыруучу жайлардагы көрүнүш аркылуу байкап жатпайбызбы. Доллардын курсу 97-98 сомго чыгып кетти. Рублди долларга 115-117ден алмаштырып жатышат. Сомдун куну бүгүн 15% түшүп кетти. Сырттан товардын бардыгы доллар менен келет. Демек, акчанын куну дагы түшүшү мүмкүн. Элди жабыркаткан башкы көйгөй – киреше төмөндөгөнү.
Экинчиси, мигранттарга кесепети тиет. Орусияга салынган санкцияларга байланыштуу көптөгөн тармактарда жумушсуздук күчөшү мүмкүн. Бул мигранттардын мекенине кайтышын шарттайт. Рубл 60% пайызга түштү, демек, алардын кирешеси да ошончо түштү. Бул деген Кыргызстанга которулган каражат да эки эсе азаят дегендик. Ошондой эле мунай 1,5 эсе кымбаттап кетиптир. Кыскасын айтканда, экономикалык жактан бир топ сокку урулуп жатат. Бул башталышы эле окшойт. Алдыдагы эки айда дагы катуу байкалат деп ойлойм.
- Азыркы кырдаалда импорттун кирүү мүмкүнчүлүгү канчалык?
- Чийки заттар келе берет го, бирок баасы өзгөрөт. Орусияда өндүрүлгөн технологиянын көбү, көптөгөн заводдор санкциянын айынан токтоп калчудай болуп турат.
- Импорттун көбү Орусиядан келери айтылып жүрөт.
- Күйүүчү заттар 95% ашык болушу керек. Курулуш материалдар, жыгач, темир, тамак-аш, ун азыктары, май, эт, кондитердик азыктар келет.
- Доллар менен насыя алгандар өкмөткө кайрылганы тууралуу кабар тарады. Кандай таасир этиши мүмкүн?
- Аларга катуу сокку болот. Биринчиден, кризиске байланыштуу ишканаларынын ишмердиги басаңдайт. Экинчи жагынан, көбү кирешени сом менен тапкан үчүн доллар менен насыя жабыш кыйла кымбат болот. Буга байланыштуу өкмөттөн чаралар керек го.
- Өкмөт бүгүнкү кырдаалга байланыштуу кандай чараларды көрүшү зарыл?
-Кризиске жумшак кирүү чаралары бар экен. Кризистен чыгуу чараларын көрө алган жокмун. Мигранттардан келбей калган 1-1,5 млрд. доллар акчанын ордун кантип толтурабыз деген маселени чечиш керек. Башка жерлерден да валюта келе тургандай диверсификация керек.
- Кыргыз өкмөтү санкцияларга байланышкан кырдаалдан пайдаланып, абалдан экономикага, элдин жашоосуна оорчулук келбегидей чыгып кетүүнүн жолдорун таба алабы?
-Өкмөткө ишкер чөйрөдөн бир топ сунуштарды бергенбиз, жазуу жүзүндө. Мисалы, Орусия санкцияга байланыштуу учактарын эч жакка учура албай калды. Мындай учурда “Манас” аэропортун хабга айландыруу мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстан аркылуу учканга дебюрократизация жолу менен тез-тез уруксаттарды бериш керек. Азыр Түркия ушул мүмкүнчүлүктү колдонуп жатат.
Анан “Транссибир” темир жол магистралын токтотуп жатат. Жүк ташыганга көптөгөн альтернативаларды издешүүдө. Ошондуктан, биз тез-тез кыймылдап, темир жолду салууну тездетишибиз керек. Баткенде, Нарында соода, IT, креативдүү экономикалык максималдуу эркин зоналарды, нөл салык, нөл бажы төлөм өңдүү аянттарды түзүү керек. Криптовалютаны Дубай легалдаштырды. Биз да легалдаштырып, эл аралык банк системасына альтернатива катары криптовалютаны колдонсок болот.
Андан тышкары Түштүк Корея, Жапония, Европа, АКШ, Канада, Араб Эмирлиги менен жаңы жумушчу орундар боюнча келишим түзүп, мигранттарды ошол жакка жиберүүгө аракет кылуу керек. Алардын тилин, салтын үйрөтө турган кыска мөөнөттүү курстарды университеттердин базаларында ачса болот. Ар бир мектепте IT, тил билген волонтерлердун санын көбөйтүү өңдүү иштерди жасоо аркылуу Орусияга эле эмес, башка өлкөлөргө да мигранттарды даярдоо жагын колго алуу керек. Айла жок, миллион жумушчу орун таба албасак дагы, кирешеси көбүрөөк өлкөлөргө ишке жиберүүнү уюштуралы да.
- Бул сунуштарга өкмөт жооп бердиби?
-Эске алдык деп атышат. Колго алабы-жокпу, белгисиз. Иш жүзүндө бул багытта көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүш керек. Керек болсо кайрадан парламенттик системага кайтуу керек. Көрүп жатабыз, диктаторлук өлкөдө климат ойдогудай болбойт. Авторитардык системада биз жакшы инвесторлорду тарта албайбыз.