Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Кыргызстандын Украинадагы элчиси шылуундар тууралуу эскертти


Львов шаары. Кыргызстандыктарды эвакуациялоо.
Львов шаары. Кыргызстандыктарды эвакуациялоо.

Украинадагы соңку кырдаалга байланыштуу ошол жактагы кыргыз жарандарына жардам берүү шылтоосу менен түрдүү алдамчылыкка барган адамдар бар болуп жатканын 7-мартта Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идирис Кадыркулов билдирди.

Элчи социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу билдирүү жасап, негизги көңүл азыр эвакуация иштерине бурулуп, элчилик кызматкерлери күнү-түнү татаал шартта иштеп жатышканын, Украинадагы согуштук абалдан улам коомдук транспорт жана кара май жетишсиз болуп жаткан чакта дипломаттар өз өмүрүн тобокелдикке салып, кээ бир учурда жаралган маселени чечүү үчүн жеке каражатын жумшоого туура келип жатканын айтты.

Ошону менен катар, элчи белгилегендей, кырдаалдан пайдаланып, жардам үчүн акча чогултумуш болуп өз капчыгын толтуруу аракетин көргөн, жок акциялар тууралуу жалган маалымат тараткан айрым мекендештер да болуп жатканын билдирди.

Идирис Кадыркулов чет жактагы кыргыз диаспорасынын биринен акча чогултуп, өзүнө алып алуу аракетин көргөн алдамчы мекендештер тобу аныкталганын, алар тууралуу маалымат бар экенин жана мыйзам алдында жооп беришерин белгиледи. Элчи жардам берүүнү каалагандарды алдамчылардын курмандыгы болбош үчүн Тышкы иштер министрлиги же чет мамлекеттердеги кыргыз элчиликтери менен макулдашып иштөөгө чакырды.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор 1,5 миллиондон ашты. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Элчилик ошол жактагы кыргыз жарандары менен байланыш түзүп, эвакуация иштерин жүргүзүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG