Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:57

Бал аарычылык жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты


Бишкектеги бал жармаңкеси.
Бишкектеги бал жармаңкеси.

Кыргызстандагы бал аарычылык жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта мыйзам аарычылык ишин жүзөгө ашыруунун, бал аарыларын коргоонун жана көбөйтүүнүн, аары чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнүн жана балчылыкты интенсивдүү өнүктүрүүнүн укуктук негиздерин белгилери айтылган.

"Аары чарбасы жөнүндө" мыйзам долбоору 5 бөлүмдөн жана 24 беренеден турат. Анда балчылык иштин негизги эрежелерин, бал аарычылыктын негизги мекемелеринин жана субъектилеринин ролун, балчылыкты коргоо боюнча талаптарды аныктайт. Андан тышкары бал аарыларын көбөйтүү, бал аарыларынын жашоочу аймагы катары курчап турган чөйрөнү коргоо, мыйзамды бузган учурдагы жоопкерчиликтер камтылган.

2021-жылы 2382 тонна бал өндүрүлгөн. Анын 443 тоннасы экспорттолгон. Кыргызстандан бал негизинен Кытай, Катар, Япония, Германия, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Орусия жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот.

Учурда мыйзам долбоору иштелип чыгып, 7-мартка чейин коомдук талкуулоо үчүн Айыл чарба министрлигинин сайтына жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG