Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

Орус-украин делегацияларынын экинчи сүйлөшүүсү башталды


Орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы. 3-март, 2022-жыл.
Орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы. 3-март, 2022-жыл.

Беларустун Брест облусунда орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы башталды. Бул тууралуу "РИА Новости" маалымат агенттиги Беларустун Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жазды.

Сүйлөшүүнүн алдында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк Киев биринчи кезекте ок атышууну дароо токтотуу, тынчтык келишимине келүү жана жайкын тургундарды эвакуациялоо үчүн гуманитардык коридор ачуу маселелерин коёрун билдирди.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 28-февралда украин-беларус чек арасында өткөн. Тараптар анда бир пикирге келе алышкан эмес. Айрым чечимдер такталганын, калганын өз жетекчилери менен кеңешүү үчүн артка кайтып жатканын билдиришкен. Экинчи айлампа 2-мартта өтөрү кабарланып, кийин белгисиз себептер менен болбой калган.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба мурдараак Киев ок атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин билдирип, бирок алар Орусиянын талаптарына макул болбой турганын айткан. Ал Москва Украинанын бийлигинен Крымдын аннексиясын, “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасын” таанууну жана толугу менен куралсызданууну талап кылып жатканын билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG