Омбудсмен болуп 41 жаштагы юрист Атыр Абдрахматова шайланды. Жогорку Кеңештин акыйкатчыны шайлоо тууралуу жыйынында депутаттар өлкөдөгү миграция, сөз эркиндиги, абак жайлардагы кыйноо маселесин көтөрүштү. 41 жаштагы Атыр Абдрахматова буга чейин жарандык активист катары белгилүү болгон. БШКнын мүчөсү болуп иштеген. Ал Кыргызстандын эгемендик тарыхында аялдардан шайланган алгачкы акыйкатчы болуп калды.
Абдрахматованын программасы
Төрт талапкердин ичинен Атыр Абдрахматова парламент депутаттарынын 50 добушуна ээ болду. Абдырахматова талапкер катары өзүнүн программасында сөз эркиндиги, жарандардын социалдык укуктары, билим алуу, миграция маселеси, сот акыйкаттуулугуна жетүү багытында иш алып барарын белгилеген. Ушул эле күнү ал ант берип, кызматка киришти.
“Кыргыздарда “келген күндү эмес, кете турган күндү эсте” деген жакшы сөз айтылган. Жарандардын үмүтүн актаган, таза, калыс, көз карандысыз иш алып барганга мүмкүнчүлүк болуп, сиздер менен түз кызматташканга ниетим бар. Эң башкысы адам укуктары Кыргызстанда чындап эле баркталган, сапаттуу, ар бирибиз сыйлаган мамлекет катары дүйнө жүзүнө таанылсак деп ойлойм”.
“Кадам сайын адам укугу бузулат”
Жогорку Кеңештин жыйынында бир нече депутат Абдрахматованын талапкерлигине добуш берүүгө чакырып, ачык колдоп чыгышты. Эл өкүлү Жанарбек Акаев акыйкатчынын негизги милдети - адам укугун сактоо экенин белгиледи.
“Акыйкатчынын орду, ролу абдан чоң. Ал акыйкаттын, адилеттүүлүктүн тарабында болушу керек. Кыргызстанда саясатчыларды сотко негизсиз сүйрөгөн, укук коргоочу, журналисттерди басып кирген өлкө болбошу керек. Эгерде ошондой учурлар катталса, акыйкатчы күнү-түнү болобу ошол жерде жүрүп, бардык медиага билдирүү таратышы керек. Жашынып жатпашы керек. Кыргызстанда кадам сайын адамдын укугу бузулат”.
Акаев эл өкүлдөрүнө сот акыйкаттуулугу, күч кызматкерлеринин басымына кабылган жарандардан көп кайрылуу түшөрүн айтып, абак жайларды кыдырып, кыйноо фактыларын алдын алууга чакырды.
Акыйкатчынын ыйгарым укугу чектелүүбү?
Андан сырткары айрым эл өкүлдөрү Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалы, алардын укуктарына байланышкан маселе курч экенин айтып, ага өзгөчө көңүл буруу мезгилдин талабы дешти. Депутат Арсланбек Малиев акыйкатчынын ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде кеңейтип берүүнү сунуштады.
“Акыйкатчы институту негизи соттон кийинки эле орган болушу керек. Көпчүлүк акыйкатчыга кайрылып, өзүнүн мүдөөсүнө жетүүнү каалайт. Экинчиден, депутаттар керек болсо мыйзамды өзгөртүп, акыйкатчынын укугун көбөйтүш керек окшойт. Себеби, биздин мамлекетте көп маселеде акыйкатчы кыйкырганы менен эч натыйжага жетпей калып жатат. Ошондуктан укук беришибиз керек”, - деди Малиев.
Активист Адил Турдукулов Атыр Абдрахматова акыйкатчылык кызматты жакшы аткарарына ишенет. Бирок, буга чейинки тажрыйбаны мисалга тарткан Турдукулов укук коргоо жатындагы мамлекеттик институт эркин болот дегенге кошулбайт.
“Жогорку Кеңеш өзү көз карандысыз орган боло албай жатат. Алар президенттин буйругун аткарганга маш болуп турушат. Жарым жылдан кийин Атыр Абдрахматованын ишмердүүлүгү президентке же анын жакындарына жакпай калса, аны алып коюу оңой эле иш болуп калат. Буга чейинки биздин тажрыйбада ошондой учурлар болгон”, - деди Турдукулов.
41 жаштагы Атыр Абдрахматова буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлооо Жети-Өгүз районунан бир мандаттуу округдан ат салышкан. Абдрахматова бийлик алмашкан Октябрь окуясына себеп болгон 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо БШКнын мүчөсү катары оппозициялык партиялардын укугун коргоп чыккан. Ал буга чейин акыйкатчылыкка талапкерлигин эки жолу коюп, өтпөй калган.
Бул кызматка андан тышкары, Турсунбек Акун, Маматурайым Момунов жана Бакытбек Узенбаев да көрсөтүлгөн. Кыргызстандын акыйкатчысы кызматы 2021-жылдын октябрь айынан бери бош турат. Мурдагы омбудсмен Токон Мамытов парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.
Акыйкатчы институту Кыргызстанда 2002-жылы иштей баштаган. Институтка адам укуктарын коргоо, жабык жайларда кыйноо жана зордук-зомбулукту ашкерелөө милдети жүктөлгөн. 16 жылдан бери бул кызматты Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев жана Кубат Оторбаев аркалап келишти. Башкы укук коргоочуну Жогорку Кеңеш шайлаганы менен, соңку үч талапкерди тандоо боюнча сын-пикирлер арбын айтылган.
Азыркы мыйзамдарга жараша акыйкатчы беш жылга шайланат.
Омбудсмен мамлекеттик жана расмий тилдерде сүйлөгөн, 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, жогорку билимдүү, мурда соттолбогон жаран болушу керек.