Орусиянын эң ири банктарынын бири болуп саналган Cбербанк Европа рыногунан толук кетүүнү чечкенин жарыялады. Бул тууралуу маалымат банктын сайтында жарыяланды.
Мекеме мунун себебин өзүнүн континенттеги филиалдарында акча каражаттары болуп көрбөгөндөй чыгарылып кетип жатканы жана кызматкерлери коркутууларга кабылганы менен түшүндүргөн. Финансылык мекеме ошондой эле Борбордук банктын буйругунун негизинде Европадагы туунду банктардын ликвиддүүлүгүн камсыздай албай турганын моюнуна алган.
Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу мурдараак АКШ орусиялык ВТБ банкка, СберБанкка, "Газпромбанкка", "Открытие" банкына, Совкомбанкка жана Новикомбанкка санкция салган. Евробиримдик да бир катар банктарга санкция салган, алардын ичинде Cбербанк жок болчу.
Батыш мамлекеттери санкцияга кабылган орусиялык банктарды SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан өчүрүүнү чечкенин кабарлаган. Алар качан толук өчүрүлөрү белгисиз.
Cбербанк Орусияда жана Чыгыш Европада ишмердүүлүк жүргүзгөн ири жана универсалдуу банк болуп саналат. Анда 100 миллиондой жеке жана 2-3 миллиондой корпоративдик кардарлар бар болчу. Банктын 50% жогору акциясына Орусиянын Бакубаттуулук фонду ээлик кылчу. Ушул эле фондго жана Орусиянын Борбордук банкына да мурдараак АКШ санкция салган. (ErN)