Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Жогорку Кеңеште өкмөттүн кризиске каршы планын угуу сунушталды


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңеште Украинадагы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн экономикасы, валюта базарындагы абал тууралуу өкмөттүн маалыматын угуу сунушу айтылды.

Депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду орун басарлары менен чакырып кризиске каршы чаралар, баалардын өсүшүн ооздуктоо боюнча көрүлүп жаткан иштерди угуу сунушун беришти.

Депутат Дастан Бекешев Кыргызстанга рубль көп кирип долларга айлантылып жатканын, Улуттук банк жасаган интервенция рублдын курсун кармоого дагы кетип жатканын айтты.

Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандагы айрым жеке мектептер окуу акысы боюнча келишимди доллар менен түзүп жатканын айтып, көзөмөлгө алууга чакырды.

28-февралда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Азаттыкка" Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандагы баанын көтөрүлүшүн алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

Улуттук банк 28-февралда Кыргызстандагы каржы базары туруктуу экенин, керек болсо кезектеги интервенция жасоого бара турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG