Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:14

Орусия Украинанын 1300дөн ашуун аскердик объектисин жок кылганын маалымдады


Орусиянын кол салуусунан улам талкаланган Украинанын аскердик объектиси.
Орусиянын кол салуусунан улам талкаланган Украинанын аскердик объектиси.

Орусиянын куралдуу күчтөрү алты күндүк чабуулдарынын жүрүшүндө Украинанын 1325 аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Москвадагы атайын брифингде маалымдады.

Ал мындан сырткары Украинанын 395 танк жана башка чопкутталган аскердик техникасы, 59 ракета атуучу системасы, 179 талаа артиллериясы жана миномёттору жок кылынганын кабарлады.

Игорь Конашенков акыркы позицияларда орус армиясы украин аскерлеринин Азов деңизине чыгуу жолун бууганын, Лугансктагы жоокерлер 61 чакырым Украинанын аймагына сүрүп киришкенин кошумчалады.

Украинанын Коргоо министрлиги болсо, 1-мартка карата алар Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн 29 учагы, 29 тик учагы, 198 танкы, 846 чопкутталган транспорту, 305 автоунаасы, 74 замбиреги (пушка), 1 “Бук” зениттик-ракеталык комплекси, 77 артиллериялык системасы, 24 ракета атуучу системасы, 60 цистернасы, 3 учуучу аппараты, 2 аскердик кемеси, 7 реактивдүү абадан коргонуу системалык каражаты жок кылынганын билдирүүдө.

Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 1-мартка карата 5710 жоокерди түзөрүн маалымдоодо. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, жок кылынгандар, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналат. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG