Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:45

Зеленский Украинага көмөктөшкүсү келген чет элдиктерге визасыз режим ачты


Украинадагы курал кармап турган жаран. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинадагы курал кармап турган жаран. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский коргонуунун интернационал легионуна кошулууну каалаган чет элдиктер үчүн убактылуу визасыз режим ачуу тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык 1-марттан тартып күчүнө кирди.

Легионго "агрессор өлкө" деп саналган мамлекеттен башкалардын жарандары келип кошулса болот. Аларга курал-жарак берилет жана украин армиясынын катарында Орусиянын аскерлерине каршы согушат.

Зеленский 27-февралда Украинанын аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн жаңы интернационал легиону түзүлгөнүн кабарлаган. Ал украин жоокерлери менен чогуу "баскынчыларга каршы күрөшчү чет элдик жоокерлер менен толукталары" айтылган.

Кийин Украинанын Улуттук коопсуздук кеңеши Франциянын чет элдик легионунда жүргөн украин жарандары мекенине кайтып, согушка катышса болорун билдирген. Коргоо министринин орун басары Анна Маляр 28-февралда Украинанын интернационал легионуна кошулуу үчүн миңдеген чет элдиктен арыз түшкөнүн маалымдаган.

Орусиянын аскерлери 10-февралдан бери Беларуста биргелешкен машыгуу өткөрүп жаткан. Украин бийлиги өз аймагына бул жактан да ракета атылып жатканын билдирип келген.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуулдар Киев жасалууда. 1-мартта Орусиянын чабуулунун экинчи толкуну башталды. (ErN)

XS
SM
MD
LG