Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Украинадан эвакуацияланган жарандар Венгрияга жетти


Украина-Венгрия элчилиги.
Украина-Венгрия элчилиги.

Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандык 112 жаран чек арага жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" билдирди.

Элчинин айтымында, айрым жарандар каттоосуз 90 күн жүрүү эрежесин бузгандыктан маселе жараткан. Аны элчиликтин кызматкерлери жеринде чечип жатканы кабарланды.

Венгрияга эвакуацияланып бараткан 112 жарандын үчөө жолдон багытын өзгөртүүнү чечип, өз алдынча Польшага кетишкен.

28-февралда Украинанын борбору Киевден 112 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткен. Автобустарды элчилик уюштурган, аларды коштоп элчиликтин эки кызматкери барган.

Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл ала турган жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуация болору айтылган.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Беш күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды.

XS
SM
MD
LG