Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

Cтамбулда Саймаитинин өлүмүнө шектүү үч киши өмүр бою кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Стамбул шаардык Кылмыш-жаза соту Айеркен Саймаитинин өлүмүнө айыпталган жети кишиге өкүм чыгарды. Бул тууралуу 1-мартта түркиялык "Демирөрен" агенттиги маалымат таратты.

Абдулла Энвер, Хусейн Ахметалиев жана Самер Баргут "Мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузган" деген берене менен өмүр бою эркинен ажыратылды.

Энвер менен Ахметалиевге "Атайлап адам өлтүрүү" жана "Куралдуу террористтик уюмдун мүчөсү" беренеси боюнча 500 миң лира (36 миң доллардын тегерегинде) өлчөмүндө айыппул да салынды.

"Террордук уюмга атайлап жана өз ыктыяры менен жардам берген" деген айыптын негизинде Али Исбех, Али Эл Хаж Али, Нормахамат Арипхонов жана Ассад Элхатибге үч жылга кесилди.

Былтыр Стамбул шаардык соту Саймаитинин өлүмүнө шектүү жети кишинин бири - Нормахамат Арипхоновду бошоткон эле.

Уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитини 2019-жылы Стамбулдун Фатих районунда атып кетишкен.

Анын ысымы алгач «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзүп, 2019-жылдын 21-ноябрында жарыялаган «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана ошол эле жылдын 4-декабрында жарыкка чыгарган «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрүндө аталган.

Иликтөөдө 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чет мамлекеттерге чыгарылып турганы айтылган. (ElB)

XS
SM
MD
LG