Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:30

"Нур ТВнын" операторунун сабалышын милиция териштирүүдө


"Нур ТВ" каналынын логотиби.
"Нур ТВ" каналынын логотиби.

Ош шаарында “Нур ТВ” телеканалынын оператору Тимурлан Эрнис уулунун сабалышын милиция териштирип жатат. Каналдын редактору Мээрим Абдиллажанованын айтымында, оператордун оозу жырылып, ооруканага кайрылды.

28-февралда оператор менен кабарчы вице-мэр Жасур Азимовго интервью алганы барышкан. Баштапкы маалыматтарга караганда журналисттер менен кабылдамада отурган жарандар кезек талашып чыр чыккан жана алардын бири операторду уруп жиберген.

Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлады.

"Нур ТВ" 2017-жылдан бери санарип пакетте 24 саат обого чыгат. Баш кеңсеси Ошто жайгашкан.(AAb)

XS
SM
MD
LG