Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Баткенде ысырапкерчиликке каршы жарлыкты түшүндүрүү иштери жүрүүдө


Баткен.
Баткен.

Баткен облусунда президент Садыр Жапаровдун ысырапкерчиликке каршы жарлыгын түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Түшүндүрүү иши Баткен районунун Бужум, Кара-Бак айылдарында жүргөн.

"Айыл тургундары менен жолугушууда элдин социалдык жана экономикалык деңгээлин көтөрүү максатында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча түшүнүктөр берилип, кур намыс үчүн материалдык жактан эбегейсиз чыгымга учурап жатышканы талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Баткен облустук милициясы эл бул жарлыкты колдоп жатканын айтууда. Президент Садыр Жапаров 24-февралда өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган жарлык чыгарган.

Президент жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып, Ак үйдөгү кызматкерлерге чейин тапшырган. Мындай талапка каршы чыккандар дагы бар экенин белгилеп жана буга байланыштуу 2019-жылы уулу каза болгондо "тоок дагы сойдурбай койгонун" мисал кылган.

28-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде "Кыргызстанда үйлөнүү той, үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өттү.

XS
SM
MD
LG