Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:56

Аутизм азабы. "Доктор Кендин" суроо жараткан ыкмасы


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Аликбек Кеннет аттуу АКШда жашаган адамдын ысымы өзгөчө балдары бар ата-энелер жана медициналык эксперттердин арасында акыркы күндөрү кызуу талкууга түштү.

Ал жазып берди делген дарылоо протоколунда бир нече оор антибиотик, аллергиялык реакцияларды басаңдатуу үчүн колдонулган антигистаминдик дарылар жана витаминдер бар.

Көбүнесе аутизми бар балдардын ата-энелери бул дарыгерге кайрылып, WhatsApp тайпасы аркылуу онлайн кеңештерди алып балдарын дарылоодо. Айрым ата-энелер балдары болуп көрбөгөндөй ийгилик жаратып, ден соолугу жакшырганын айтса, далилдөөчү медицинанын эксперттери Кеннеттин жазып берген дарылоо ыкмасындагы оор антибиотиктер жаш баланын жалпы саламаттыгын талкалайт дешүүдө.

Аликбек Кеннет деген ким?

Аликбек Кеннет менен социалдык тармактар аркылуу байланышууга аракет кылдык, бирок ал биз жөнөткөн катка жооп кайтарган жок. Ачык булактарда 1950-жылы төрөлгөн Канатжан Алибеков аттуу адам өзүн АКШда Алибек Кеннет деп тааныштырат.

Аликбек Кеннеттин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Аликбек Кеннеттин Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Социалдык баракчасында микробиолог, окумуштуу, иммунитет боюнча адис экени жазылган.

Айрым маалыматтарда ал 1992-жылы АКШга кетип, ал жактан жарандык алгандан кийин Украинага келип "Максвел" аттуу дары чыгарган компанияны ачкан. 2010-жылы Астанада Назарбаев университетинин химия, биология кафедрасын жетектеп, адамдын өмүрүн узартуу боюнча дарынын үстүндө иштегени, бул изилдөөсү үчүн мамлекеттик казынадан 1 миллиард теңге алганы тууралуу маалыматтар бар. Кийин коррупцияга, чайкоочулукка шек саналып, Украинада, Казакстанда бир нече кылмыш иши ачылгандан кийин АКШга кеткенин казак ЖМКлары жазып чыккан.

"Сыйкырчы доктор Кен"

Кыргызстандагы өзгөчө баласы бар ата-энелердин арасында "доктор Кен" деген ат менен таанымал бул адам 2021-жылдан бери онлайн диагностиканы жана дарылоону ишке ашырып келет. Ага көбүнчө аутизм, менталдык өнүгүүсүндө кемтиги барлар, талма оорулуу балдардын ата-энелери катталган.

Жети жаштагы кызын "доктор Кенге" көрсөткөн энелелрдин бири Махабат (аты өзгөртүлдү) анын дарылоодогу артыкчылыктары тууралуу буларды айтып берди:

"Кендин дарылоо ыкмасы менимче аябай туура. Кызымды дээрлик бир жылдан бери анын ыкмасы менен дарылап жатабыз. Кызымдын талма оорусу (эпилепсия) бар эле. Биздин дарыгерлер жазып берген дарыларды 6,5 жыл ичти. Кыргызстанда диагностика өнүккөн эмес, кызыма алгач Бишкекте "кулагы укпайт" деп диагноз коюшуп, кохлеардык имплант тагуу керек дешкен. Алматыга барсак, кулагы 99% угат деп чыкты. Мен "доктор Кенге" өзүм кайрылдым. Биздеги догдурлар жазып берген дарылардын кесепетинен кызым сүйлөбөй калган. Өз алдынча тамак иче алчу эмес, бөтөлкө менен тамак берчүбүз. Азыр кудайга шүгүр, өзгөрүү бар, кызым кадимкидей тамактанып калды. Бул дарыгерди жамандап жаткандардын өз кызыкчылыгы бар деп ойлойм. Көптөр сабатсыздыгынан туура эмес түшүнүп алып эле ызы-чуу кылып жатат. Менин кызымдагы өзгөрүүнү көргөн башка жергиликтүү дарыгерлер да аябай таң калууда. Ал тургай Орусияда да догдурларга көрүнгөн элек, алар да таң калып жатышат".

Аутизми бар балдардын канча экени белгисиз.
Аутизми бар балдардын канча экени белгисиз.

Махабат кызына Алибек Кеннет эч кандай антибиотик эмес, тек гана биологиялык активдүү кошулмалар, витаминдерди жазып берерин, бирок анын алдында керектүү анализдерди талап кыларын айтат. Анализдердин бардыгын ата-энелер менчик лабораториялардан, айрымдарын Орусияга жиберип тапшырышат. Маал-маалы менен анализ тапшырып туруу керек.

Эксперттер "доктор Кендин" ыкмасын сындап чыгышты

Анткен менен "доктор Кендин" дарылоо ыкмасын Кыргызстандын далилдөөчү медициналык адистери сындап чыгышты. Эксперт Бермет Барктабасова бир нече антибиотик, аллергияга каршы антигистаминден турган рецепттин тизмесин Фейсбукка чыгарып, мындай оор дарылардын "коктейли" баланын саламаттыгына зыян экенин жазды.

Курамында бир нече антибиотиктен турган тизмени Кыргыз-орус славян университетинин Клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси Аида Зурдинова чечмелеп берди.

"Профессор Кендин дарылоо протоколунда 21 дарынын тизмеси бар экен. Алгач эле анын беш оор антибиотигин талдасак, анын көбү 18 жашка чыга элек балдарга ичкенге болбойт. Баланын ички органдарына оор кесепетин тийгизет. Кен жазып берген жаткан биологиялык активдүү кошулмалардын таасири да эл аралык медицинада, фармакологияда толук далилденген эмес. Анын ичинде оор сымап, дагы башка металлдар болушу мүмкүн. Ал кийин баланын организминен кантип чыгат, анын зыяны канчалык? Аутизмди дары менен айыктыруу боюнча эч кандай дүйнөлүк протокол жок. Аутизмге чалдыккан баланын биринчи кезекте кулк-мүнөзүн анализдеп, муктаждыгына жараша билим берүү керек да. Коомдо өзүн алып жүрүүсү, башкаларга аралашуусуна шарт түзүү менен гана карайт. Албетте, өзгөчө баланын башка балдардай эле клиникалык оорулары болушу мүмкүн. Мына ошондо гана дарыгердин көрсөтмөсү менен ошол оорусун дарылоого мүмкүн. Бирок анда да мобул Кен деген дарыгердин протоколунда көрсөтүлгөн, социалдык медиада өтө атактуу болуп кеткен ыкма менен дарылоо балага өтө зыян. Кийин дарылардын терс таасиринен баланы айыктыруу мүмкүн болбой калат деп чочулайм".

"Ата-энени ишенимден куру калтыруу оор"

Анткен менен "доктор Кенге" жазылган ата-энелер Кыргызстандагы дарыгерлерден айла болбой калганда гана ага кайрылганын айтышууда. Алар далилдөөчү медицинанын өкүлдөрүнө караманча каршы туруп, Кендин ыкмасын коргоп жатышат.

Республикалык психикалык ден соолукту чыңдоо борборунун Балдардын психиатриясы бөлүмү аутизм диагнозун расмий белгилеп, клиникалык аныктама берчү өлкөдөгү негизги жай.

Анын башкы дарыгери Назгүл Абдусеитова ата-энелердеги баланы "керемет жол" менен айыктырып алуу ишенимин колдонгондор көп экенин эскертти.

"Бизде эмнеге табып, көзү ачыктарга ишене беришет? Анткени адам кандайдыр бир сыйкырдуу күчкө ишенгиси келет. Кенди кимдир бирөө мактап, аутизмди дарылай аларына ишендирсе керек. Өмүрүнүн акыркы күндөрүн жашап жаткан бейтаптар деле бүбү-бакшыларга барып жатпайбы. Адамда сыйкырга жетелеген үмүт жашайт да. Адис катары Кендин дарылоо ыкмасы коркунучтуу экен туюп жатсам да энелердин үмүтүн үзүп алгандан коркуп турам. Эгер адамда сынчыл ой жүгүртүү күчтүү болсо мындай алдамчыларды оңой эле таанымак. "Доктор Кенди" энелер өздөрү эле "баатырга" айлантып жатпайбы".

Бишкектеги аутист балдарды окуткан борборлордун бири.
Бишкектеги аутист балдарды окуткан борборлордун бири.

Кыргызстанда аутизм диагнозуна байланыштуу расмий статистика жок. Өзгөчө балдарды аныктоо иши психиатр, неврологдордон талап кылынганы менен адистер жетишсиз. Өлкөдө ата-энелер түзгөн саналуу фонддор, коомдук бирикмелер аутист балдарды окутуу, кулк-мүнөз терапиясын ишке ашырып келет. Бирок, мындай борборлор өтө эле аз.

Балдардын укугун ата-эне бузуп жатабы?

"Колдон колго" уюмунун негиздөөчүсү Жылдыз Садыкова ата-энелер бул кадамга барууга аргасыз экенин белгиледи.

Жылдыз Садыкова.
Жылдыз Садыкова.

"Аутист бала менен иштөө аябай көп эмгекти, убакытты, сабырды талап кылат. Ага аябай көңүл буруу зарыл, бизде мамлекет мындай балдарга эч кандай шарт түзгөн эмес. Атайын борборлор да жок. Көп ата-энелер дарыны бере салса эле айыгып кетет деп ойлошот. Себеби аутизм тууралуу бизде маалымат аз. Басма сөз, телеканалдар аутизм эле эмес майыптыгы бар балдарга байланыштуу темаларга көңүл бурбайт. Көңүл бурса да үстүртөн эле чагылдырат. Кеннеттин дарылоосуна келсек, сүйлөй албаган балага аябай көп сандагы антибиотикти берүү канчалык этикага жатат? Анын укугун ата-эне өз каалоосу менен бузуп жаткан жокпу? Мынча көп дары, витаминдер саламаттыгына кандай таасир этет? Ушул суроолордун баарына жооп жок. Бала кичине тынчтансын, ата-эненин мээси эс алсын деп эле дарыны эсепсиз берүү анын укугун бузат. Баланын укугун ким коргойт, ата-эне аны менен каалаганын кыла берсе болобу?".

Саламаттык сактоо министрлиги 2019-жылы аутизми бар адамдарды кароо, аныктоо боюнча клиникалык протоколду кабыл алган. Анын ичине кандайдыр бир медициналык препараттар камтылган эмес. Бул протокол аутизми бар балдардын ата-энелери, коомдук уюмдардын демилгеси менен англис тилинен которулган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму азыркы тапта ар бир 160-бала аутизм менен төрөлүп жатканын билдирет. Уюмдун аутизми бар адамдарды кароо жана аныктоо деген гана эки эрежеси бар. Аутизмди кандайдыр бир дары-дармек менен дарылоого байланышкан расмий, илимий жол менен аныкталган бир да клиникалык протокол жок.

  • Аутизм спектри - кандайдыр бир оору эмес. Бул спектрге киргендерде аң- сезимдик өнүгүүсү, дүйнөнү кабылдоосу, коом менен байланышы өзгөчө болот. Жыт, үндөргө сезимтал келет. Алардын арасында таланттуу окумуштуу, сүрөтчү, музыкант жана спортчулар бар. Маселен Альберт Эйнштейндин да аутизм спектрине киргени айтылат. Атактуу актер Энтони Хопкинс, филантроп Билл Гейтс, Никола Тесла, Илон Масктын да аутизм спектринде экени маалым.
Аутизм боюнча адистер аз
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG