Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Министрлик: текшерилген 12 медициналык окуу жай талапка жооп бербейт


Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын бири. Архив.
Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын бири. Архив.

Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн атайын комиссия медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, 12 окуу жай талапка жооп бербейт деген чечимге келди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Комиссия 15-мартка чейин дагы беш медициналык окуу жайды текшерет. Министр Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү медициналык коллеждер дагы текшерилерин билдирди.

Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо тармагын “реформалоонун” кийинки этабы - өлкөдөгү талапка жооп бербеген медициналык институттарды, факультеттерди лицензиясынан ажыратуу деп билдирген.

Ал Кыргызстанда жалпы медициналык 24 билим берүүчү окуу жай бар экенин, эгер 1-апрелге чейин алар профессордук-окутуучулар курамын жана клиникалык базасын талапка ылайык келтирбесе, лицензиясы алынарын белгилеген. Бейшеналиев жабылышы мүмкүн деген 17 медициналык окуу жайынын тизмесин жарыялаган болчу.

Кыргызстанда соңку жылдары ачылган медициналык окуу жайларда көбүнесе Пакистандан, Индиядан келген студенттер билим алат. Мындан сырткары коңшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген студенттер да бар. Өлкөдө медициналык багытта 28 миңден ашык чет элдик жаран билим алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG