Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Жапаров: Кыргызстан Орусия менен дагы 300 жыл чогуу болууга даяр


Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин.
Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-февралда Казакстандын Нур-Султан шаарында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукту. Анда тараптар алака-катышты ар тараптан өнүктүрүү, кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты.

"Орусия менен Кыргызстан үчүн бул өзгөчө жыл. Мартта биз дипломатиялык алака-катышыбыздын 30 жылдыгын белгилейбиз. Орусия Кыргызстан менен көп кылымдык досутукка негизделген стратегиялык өнөктөштүгүн аздектейт", -деди Мишустин.

Акылбек Жапаров өз кезегинде Нур-Султан сапарынын алдында президент Садыр Жапаров менен жолукканын, анда Кыргызстан Орусия менен 200 жыл чогуу болгонун, дагы 300 жыл да чогуу болууга даяр деп айткандарын билдирди. Ошондой эле Москвага былтыр жыл аягында Кыргызстандын бюджетти колдоого 10 миллион доллар жардам көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирди.

24-февралда Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Нур-Султанда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү. Анда кыргыз өкмөт башчысы президент Садыр Жапаровдун багыттары жана демилгелери жөнүндө айтып берди.

“2025-жылга чейин Экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максаттарга жетишүү, тоскоолдуктарды тез арада четтетүү боюнча натыйжалуу чараларды жана механизмдерди иштеп чыгуу керек”, - деген анда президент Жапаров.

25-февралда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда өтөт. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Уюмга мүчө болгону менен кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүдө көйгөй жаралып келүүдө.

XS
SM
MD
LG