Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды


Садыр Жапаров жана Алтынбек Сулайманов.
Садыр Жапаров жана Алтынбек Сулайманов.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда аны кабыл алды.

Жолугушууда "президент аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду”, - деп айтылат президенттин сайтындагы маалыматта.

Алтынбек Сулайманов, 49 жашта. Ноокат районунда туулган. Саясатка чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү бөлүмүндө иштеген. 2007-жылы бийликчил “Ак жол” партиясынан депутат болгон. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң “Республика” партиясына кирип, кайрадан парламентке келген. 2015-жылы өзү түптөгөн "Бир Бол" партиясы, 2021-жылы болсо “Альянс” партиясын жетектеп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Соңку жылдары шайлоо системасын өркүндөтүү, парламенттик башкарууну бекемдөө боюнча бир катар демилгелер менен чыккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG