Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Бишкек шаарынын мэри болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды


Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын мэри болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Мурунку мэр Айбек Жунушалиев президент администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул кызматты мурда Кубатбек Кожоналиев аркалап турган.

45 жаштагы Айбек Жунушалиев өткөн жылдын август айында кызматка киришкен.

Ишкер Эмилбек Абдыкадыров 2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Ал 2020-жылы Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта логистикалык борборго инвестор болорун билдирген кытайлык ишкер Лю Индин Кыргызстандагы өнөктөшү экени белгилүү. Логистикалык борбор жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам салынбай калган. (TSh)

XS
SM
MD
LG