Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:03

Кыргызстанда доллар кескин кымбаттаганы байкалууда


Бишкекте бир нече коммерциялык банктардын сайтында АКШ долларынын сомго карата баасы 94-95 сомго чыкты. Валюталарды анализ кылган valuta.kg порталында саат 15:30га карата бир нече банк АКШ долларын 94-95 сомдон сатып жатканын көрсөтүүдө. Доллардын куну улам өзгөрүүдө.

Кыргызстандын Улуттук банкы учурдагы кырдаал боюнча маалымат даярдалып жатканын маалымдады. Башкы банктын сайтында доллардын курсу 24-февралга карата 84 сом 80 тыйын деп турат. Улуттук банк 27-январда акыркы жолу 86,5 млн. доллар интервенция кылган.

Украинадагы кырдаалдан улам бүгүн эртең менен орус акчасынын дагы куну түшкөнү кабарланды. Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пунктуларына ракеталык октор атылганын ырастады.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашты. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды. (TSh)

XS
SM
MD
LG