Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Кеминде мүрзөнүн темирлерин уурдоого шек саналган киши кармалды


Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.
Милиция тараткан шектүүнүн сүрөтү.

Чүйдүн Кемин районунда көрүстөндөрдүн темир тосмолорун уурдоого шектелип 39 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

“Ал күнөөсүн моюнуна алып, уурдаган темир тосмолорду темир-тезек сатып алуучу жайга өткөрүп жүргөнүн билдирген. Кармалган жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Териштирүү иштери улантылууда”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

15-февралда Ички иштер министрлигине (ИИМ) Кыргызстандын аймагындагы православ көрүстөндөрүндөгү вандализм фактыларын иликтөөнү өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилген. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мындай фактылар көбөйүп жатканы тынчсыздануу жаратарын билдирген. Анын алдында Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий сайтына Бишкектин жана Кыргызстандын епискобу Даниилдин кайрылуусу чыккан. Анда ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, христиандардын көрүстөндөрүнүн абалы боюнча маселеге көңүл бурууга чакырган.

Епископ Даниил тосмо орнотулбагандыктан талкаланып, тонолгон учурлар христиандардын гана эмес, мусулмандардын да көрүстөндөрүндө бар экенин белгилеген. Бекем тосмо коюуга баарынын эле чамасы жете бербесин, жергиликтүү бийлик атайын төлөм алып турарын, андыктан ошол каражатты бул көйгөйдү чечүүгө жумшаса болорун кошумчалаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG