Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Депутат "Жүк-200" маселесин чечүүнү талап кылды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Орусияда каза болгондордун сөөгүн кыргызстандык авиакомпаниялар алып келбей жатканын айтып, “Жүк-200” маселесин уюштурууга тапшырма берүүнү сунуштады. Эл өкүлү бул маселени парламенттин 24-февралдагы жыйынында көтөрдү.

“Ошол жакта айрым мекендештердин көзү өтүп кетип жатат. Ошолорду Кыргызстандын авиакомпаниялары кабыл албайт экен. Орусияныкы гана кабыл алат экен. Андыктан кыйналып жатабыз дешти. Транспорт министрлигине тапшырма берели, жүйөсүн түшүндүрсүн. Болбосо уюштуруп берсин”, - деди депутат.

Расмий маалымат боюнча, 2021-жылдын тогуз айында чет өлкөлөрдөгү элчиликтердин көмөгү менен 332 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилген. Чет өлкөдө каза болгондордун көпчүлүгү Орусияда. Дипломатиялык мекемелер аркылуу 2020-жылы Орусиядан Кыргызстанга 285 "Жүк-200" жөнөтүлгөн. Кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенге жеткирүү үчүн 70 миң рублдан жардам берет. (TSh)

XS
SM
MD
LG