Орусия Украина менен чек арасында дагы бир райондун элин эвакуациялоодо
Орусия Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусунун Глушково районундагы жайкын тургундарды милдеттүү түрдө эвакуация кыла баштады. Облустун губернатору Алексей Смирнов 15-августка караган түнү Telegram каналы аркылуу элге кайрылып, «учурдагы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана тартип коргоо кызматкерлеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын бардык талаптарын аткарууга» чакырды.
14-августта Украина бийлиги Орусиянын Курск облусундагы гуманитардык абал боюнча тынчсыздануусун билдирип, башка аймактарга чыгып кетүүгө мажбур болуп жаткандарга, Украинага эвакуация болууну каалагандарга жардам берилип жатканын билдирген.
Украинанын реинтеграция министрлиги "Украина эл аралык гуманитардык укуктун бардык нормаларын сактайт. Биз Курск облусунун тургундарына зарыл болгон жардамыбызды берип, гуманитардык колдообузду көрсөтөбүз ", - деп Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Глушково району Курск облусунун украин аскерлери 6-августтан бери ээлеп турган жана кармаш уланып жаткан Суджа районуна коңшу аймак. Согушка чейинки калкынын саны 20 миңдей адам болчу.
Украина Орусиянын 74 калктуу пунктун, жалпысынан 1000 чарчы чакырым жерин көзөмөлдөп турганын 13-августтун кечинде жарыялаган.
Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.
Курск облусунда 9-августта федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. 14-августта өзгөчө кырдаал коңшу Белгород облусунда да жарыяланды. Орусия Курск, Белгород жана Брянск облустарында «антитеррордук» операция жүргүзүп жатканын айтууда.
Ал эми Украина Курск облусунан жана ага коңшу аймактардан Орусия украин шаар-кыштактарын тынымсыз аткылап келатканын, ошону токтотуу үчүн гана кирип барганын, жерин ээлеп алуу ниети жоктугун, бул операциясын өз элин коргоо максатында гана жүргүзүп жатканын билдирүүдө.
Орусия Украина менен чектеш дагы бир облусунда - Белгороддо өзгөчө кырдаал жарыялап, ал жактагы абалды «өтө оор» деп баалады. Расмий Киев украин армиясынын Курск облусуна кирип барганын орус аскерлеринин чабуулдарын токтотуу аракети деп түшүңдүрдү.
Украин аскерлери Орусиянын аймагында жүргөн видеолор интернетте байма-бай тарап жатат.
Чөнтөк телефонго аскердик машинада кетип баратып көчөдөн тартылган ошондой видеолордун биринде украин аскери “Суджанын борбордук аянты...”, - деп тегерегин көрсөтүп, айтып берүүдө. Суджа Курск облусунда жайгашкан район.
Украин аскерлеринин Орусиянын Курск аймагына кирүүсү, бир нече калктуу пунктун ээлеп алуусу 6-августта башталган.
9-августта жергиликтүү бийлик абал курчуганын билдирип, облуста федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. Жергиликтүү бийлик кеминде 121 миң киши эвакуация болгонун, 12 жайкын тургун каза тапканын, 121 киши жараат алганын билдирген.
Эми Курсктун жанындагы Белгород аймагында да өзгөчө кырдаал жарыяланганын шаршемби күнү облус башчысы Вячеслав Гладков айтты.
“Биздин Белгород облусунда кырдаал чыңалган жана өтө оор бойдон калууда. Украин аскерлери күн сайын аткылап жатат”, - деди ал.
Эки тараптын соңку абал боюнча ыкчам маалыматы түрдүү. Орусия Курск аймагынын Суджа шаары өзүнүн көзөмөлүндө экенин айтса, Украина ондогон айыл-кыштакты ээлеп турганын билдирүүдө.
13-августтун кечинде президент Владимир Зеленскийге фронттогу абал боюнча маалымат берип жатып Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский:
«Бүгүнкү күндө биздин аскерлер 1 чакырымдан 3 чакырымга чейинки аралыкка алдыга жылышты. 40 чарчы чакырым жер ээленди. 74 калктуу пункт бизин көзөмөлдө турат», - деди.
Байкоочулар Украинанын мындай күтүлбөгөн операциясынын максаты Москваны Киевдин талаптарына ылайык шарттагы сүйлөшүүлөргө көндүрүү аракети болушу ыктымал деп боолголошкон.
Орусия Киевди соңку окуялардан улам «адекватуу эмес» деп айыптап, аны менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эместигин билдирди.
«Курск багытындагы террордук аракеттери менен Украина тынчтык сүйлөшүүлөрүн жок эле дегенде узак убакытка тыныгууга койду. Менимче, алар муну атайылап кылышты», - деди 14-августта Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник.
Киев Курск операциясынын максаты эмнеде экенин расмий түрдө алгачкы жолу 13-августта ачык билдирди.
«Курск аймагындагы операция фронтко жардам берүүдө. Анткени Орусияга Донецк облусуна кошумча бөлүктөрүн алып өтүүсүнө жол бербей, анын аскердик логистикасын кыйындатууда. Орусиядан айырмаланып Украина башка бирөөнүн жерине көз артпай турганын баса белгилеп кетким келет. Украина Курск облусунун аймагын ээлеп алууга кызыкдар эмес. Биз өз элибиздин өмүрүн коргоп калгыбыз гана келет. Путин бул согушун уланткан сайын Украинанын жообу да улана берет. Украинанын бул аракети толук мыйзамдуу. Өзүбүздү өзүбүз коргоо укугубуз Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставы менен бекитилген», - деди Украинанын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Георгий Тихий.
Орусиянын агрессиясына каршы 2,5 жылдан бери күрөшүп келе жаткан Украинага курал-жарак жагынан Европадагы өнөктөштөрү жана АКШ жардам берүүдө.
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден украиндердин Орусиянын аймагындагы операциясы боюнча алгачкы жолу комментарий берди:
“Бул Путин үчүн чыныгы дилемма жаратууда. Биз украиндер менен түз байланыштабыз”.
Ал тапта Курск аймагындагы кырдаал курчуп турган чакта Орусия Украинанын аймагына жөнөткөн аскерлеринин айрымдарын ал жактан чыгарып кетип жатканын 13-августта The Wall Street Journal басылмасы жазды жана муну Москванын куралдуу күчтөрүн бөлүштүрүүдөгү жаңы кадамы катары мүнөздөдү.
Ал эми Литва жанындагы Калининград облусунда жайгашкан орус аскерлери да башка жактарга которулуп жатканын кабарлап, муну Калининграддын "демилитаризациясы" деп атады.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салып, коңшусун “демилитаризация” жана “денацификация” кыла турганын, согуш эмес, атайын аскердик операция баштаганын жарыялаган.
Украина жана Батыш Москванын бул кадамын толук масштабдуу кол салуу деп атап, айыптап келет.
Орусия президенти Владимир Путин 7-августта өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып Украина менен чек арадагы Курск облусундагы соңку окуяларды “масштабдуу чагым” деп атаган.
Украин президенти Владимир Зеленский ошол эле күнү Орусияга басым жасоону уланта берүү керектигин белгилеп, өз аскерлерине «коргоодогу кайраты жана туруктуулугу үчүн» деп рахмат айткан.
Ал эми 12-августтагы видео кайрылуусунда ал Москваны “тынчтык орнотууга аргасыз кылуу керек” деп билдирип, "Орусия башкаларга согуш ачты – эми ошол согушу өзүнө кайтууда. Украина дайым тынчтыкты гана самап келген жана биз тынчтыкты сөзсүз орнотобуз", - деп белгилеген.
Орусия Украинанын аскердик объектилерин гана бутага алып жатканын айтып келет. Украин бийлиги орусиялык аскерлердин соккусунан жарандары курман болуп, социалдык инфраструктурасы кыйрап жатканын билдирүүдө.
Украинага таандык, бирок ушул тапта Орусия башкарып жаткан Запорожье атомдук электр станциясында (АЭС) ири өрт чыкты. АЭС өрттөнүп, коюу түтүн каптаган видеону 11-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады.
Бул окуя үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап, эки тарап теӊ радиациялык абал туруктуу экенин кабарлашты.
Запорожье атомдук электр станциясы (АЭС) 1981-жылы курулган жана ал Европадагы эң чоң АЭСтердин бири болуп саналат. Кубаттуулугу 6000 МВт. Азыр электр энергиясын өндүрбөйт.
АЭС орус армиясы Украинага 2022-жылы февралда кол салгандан көп өтпөй, март айында Орусиянын көзөмөлүнө өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат.
Аскерлери, курал-жабдыгы жетишсиз, чарчап-чаалыккан украин аскерлери фронт тилкесинин үч жеринде орус армиясынын чабуулдарына араң туруштук берип жатат. Ошого карабай, эмне себептен азыр, украин күчтөрү Орусиянын аймагына кирип барышты?
Украин күчтөрү кеңири масштабдагы согуш башталганы Орусиянын аймагына бир нече жолу кирип барган: чалгын кызматтары жашыруун операцияларды жүргүзүп; учкучсуз аппараттар чек арадан жүздөгөн чакырым алыс аэродромдорду бутага алып, ар кандай куралдуу кыймылдар чек аралаш аймактарга кол салып келген.
Бул жолу такыр башкача
Жүздөгөн формачан украиналык аскерлер, брондолгон техниканын жана башка оор чопкутталган машинелердин колдоосу менен бул аптада Сумы шаарынан түндүгүрөөк жайгашкан, Орусиянын түндүгүндөгү Курск облусуна кирип барышты.
Жергиликтүү орусиялык аткаминерлердин, кремлчил аскердик блогерлердин жана башка булактардын маалыматына ылайык, 9-августта украин армиясы 600 чарчы чакырымдай аймакты жана жыйырмадай калктуу конушту басып алды.
2022-жылдын февралында Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачканы жасалган эң ири бастырып кирүү украин армиясы 1100 чакырымдай фронт тилкесинин кеминде үч жеринде орус күчтөрүнүн чабуулуна болушунча туруштук берип жатканда жасалды.
Орусиянын армиясы Донбасстагы эң ири автомагистралга жакындап калды. Аны өз карамагына алса, украин армиясын курал-жабдык жана тамак-аш менен камсыздоо жагы коркунучка кептелет.
“Жалпысынан кырдаал украин күчтөрү үчүн анчейин эмес. Орусия үчүн эң негизгиси украин куралдуу күчтөрүн бөлүп-жарып, аларды акырындап өз алдынча жок кылуу. Бул кыйла жеңилирээк”, - дейт украиналык аскердик эксперт, мурдагы чалгын офицери Иван Ступак.
УКРАИНА ҮЧҮН ЖАМАН КАБАР
Аскердик эксперттердин жана аналитиктердин эсебинде Покровскидеги логистикалык борбордун түштүк-чыгышында кырдаал анча жакшы эмес. Бул жактагы үстөмдүк апрель айында эле Орусия тарапка оогон. Москванын күчтөрү украин аскерлерин ротациялоо маалында Очеретино айылын ээлеп алышкан.
6-августта орус армиясы Воздвиженка айылына жетишкени кабарланган.
“Покровск багытында кырдаал абдан оор”, - деди мурдагы коргоо министри жетектеген “Коргонуу стратегияларынын борбору” деп аталган аналитикалык борбор.
Покровскиден чыгышка жана түндүк-чыгыштагы Константиновкага N23 же T-0504 деген аталыштагы кан жол кетет. Константиновка украин армиясын курал-жабдык жана тамак-аш менен камсыздоодо негизги түйүн катары саналат. Орус армиясы дал ушул кан жолду өз карамагына алууга ашыгууда. Ок-дарыларды, жарадар жоокерлерди жана башка керектүү буюм-тайымдарды ташыган бул кан жолду алдыруу украин армиясына бир топ түйшүк жаратат.
“Бул согуш тилкесиндеги жалгыз жол эмес. Бирок бул эң түз алып бара турган жок. Башкалары асфальттанбаган жана ийри-буйру. Бул деген керектүү буюм-тайымдарын кечирээк жетишин айгинелейт. Аба ырайы өзгөрүп, күзгү нөшөр башталганы украиндердин легендарлуу баткагынан ал жактан эч нерсе өтө албай калат. Эгер жол жабылса [украиналык] аскерлер абдан эле кыйналат. Бул согуштун аягы эмес. Бирок бул жакшы эмес”.
УКРАИНАНЫН ЖООБУ
Эгер жакынкы күндөрдө жана жумаларда кырдаал кескин өзгөрүп кетпесе, Орусия кан жолду ээлеп, украин коргонуусун дагы алсыздандарып коюшу мүмкүн.
Балким, дал ушул себептен Украина Орусияга кирип барууну чечкен болушу мүмкүн.
“Курск облусуна чабуул көптөр, анын ичинде Орусиянын командачылыгы үчүн күтүүсүз болду”, -деп жазды Tatarigami деген ылакап аттуу украиналык аскердик серепчи.
Чабуул тууралуу алгачкы маалыматтар чыккандан кийинки үч күн украин бийлиги эч кандай расмий билдирүү жасабай, Орусия операциянын масштабын кыйла төмөндөтүп жатканын кыйытып келди.
8-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский акыры үн катты.
“Украин армиясы таң калтыра аларын жана жыйынтык көрсөтө аларын баары көрүп турат”,-деди ал.
Ал эми Зеленскийдин башкы кеңешчиси Михаил Подоляк “Согуш деген согуш, өз эрежелери бар, агрессор сөз жок өз жемишин алууда”, - деп жазды Телеграм-каналына.
Анткен менен орус бийлиги, аскердик блогерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар ири масштабдагы бастырып кирүү болгонун билдирүүдө. Брондолгон техника жана танктар менен коштолгон аскерлердин чабуулу орус армиясынын коргонуусун жана аз сандагы чек арачыларды жырып өткөн.
Орусиянын аймагына кирген техниканын арасында АКШ жеткирген Stryker брондолгон машинеси бар. Мындан улам аналитиктер чабуул башында 22-украиналык механизацияланган бригада турат. Бул абдан тажрыйбалуу бөлүмдөрдүн бири.
Согушка байкоо салган Deep State долбоорунун спутниктен тартылган сүрөттөрүнөн айрым жерлерде украин армиясы чек арадан 90 чакырымга чейин жылганын көрүүгө болот.
Бул маалыматты орусиялык аскерлер дагы ырастап жатышат. Орусиялык жана украиналык аналитиктердин эсебинде 9-августка карата украин армиясы 500-600дөй чарчы чакырымдык аймакты ээлеп алды.
7-августта Орусиянын президенти Владимир Путин Коопузсуздук кеңешинин жыйынын чакырып, анда Курск облусуна жасалган чабуулду “масштабдуу чагым” деп атады.
Орус армиясынын башкы кол башчысы, генерал Валерий Герасимовдун пикиринде кол салган аскерлердин саны миңге чейин жетиши мүмкүн.
8-августта Курск облусундагы Сужа шаарынын тургундары Телеграмда кыжырданган видео таратышып, командирлери чабуулдун масштабы жөнүндө Путинге туура эмес маалымат жеткирип жатканын айтышты.
“Мына ушундай жалган маалыматтан адамдар өлүп жатат. Сизге кырдаал көзөмөлдө экенин айтышты. Бирок бүгүн райондо айыгышкан салгылаш уланууда”, - дейт аялдардын бири.
Операциянын максаты белгисиз. Аналитиктердин айтуусуна караганда, тактикалык жеңишке жетүү ыктымалдуулугу да аз. Тажрыбайлуу аскердик бөлүмдү фронт тилкесинен Курск облусуна жөнөтүү ар кандай суроолорду жаратууда.
Анткени украин командирлерине аскерлер жана техника жетишпейт. Дал ушул себептен улам Донбасттагы фронт тилкесинде орус армиясынын чабуулунун мизин кайтаруу оор болууда.
Украин армиясы бул чабуул тууралуу Кошмо Штаттарга да алдын ала эскерткен эмес.
Июнь айында, орус армиясы Харьковдун түндүк-чыгышында чабуулдарун күчөткөн маалда АКШ ага чейинки өз саясатын жумшартып, Киевге Орусиянын чек аралаш аймагына америкалык курал менен чабуул коюуга уруксат берген.
Вашингтон алдын ала эскертүү албаганына карабастан, Ак үй бул чабуулду оң эле кабыл алды.
“Бул биздин саясатыбызга каршы келбейт. Биз башынан эле Украинаны чек аранын ары жагынан жасалган чабуулдардан өзүн коргоо аракеттерин колдоп келгенбиз”, - деди 8-авгутта Пентагондун маалымат катчысы Сабрина Сингх.
КАНАЛ
Покровскиден 55 чакырымдай түндүк-чыгышка карай, Т-0504 кан жолунун аягында Константиновка шаары жайгашкан. Ал жактан түндүк-батыштагы Славянск жана Краматорск шаарларына темир жол кетет. Бул украин армиясынын ооруканалары, командалык пункттары жана башка маанилүү инфратүзүмдөрү жайгашкан ири шаарлар. Орусиянын армиясы Константиновканы басып алууну көздөп келет. Бирок анын алдында Часов Яр шаарын ээлеш керек. Ал жакта калааны экиге бөлгөн Северский Донец–Донбасс каналы бар.
Орусиялык күчтөр шаардын чыгыш бөлүгүн июнь айында ээлеп, табигый коргонуу тилкесине айланган каналды көздөй багыт алган. Соңку айларда орус аскерлеринин чакан топтору каналды кесип өтүп, калаанын батыш тарабындагы турумдарды ээлөө аракетин көрүшкөн.
“Орустар чакан топтор менен кол салууда. Алар адегенде жеңил транспорттук каражат менен жетип, бир нече адам болуп чабуул коюшат жана акырындан биздин балдардын турумдарына жетишет. Каналды кесип өтүп, шаардын башка бөлүгүндө жайгашканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Андай болгон жок”, - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна 24-механизацияланган бригаданын маалымат катчысы Андрей Полухин.
Украин армиясынын отставкадагы полковниги Сергей Грабскийдин айтымында чабуул коюп жаткан орус бөлүктөрү бир гана жөө аскерлерден туруп, танктар же артиллерия мнен коштолбойт.
“Украина үчүн бул чарчатуучу тактика, орустар дагы эле санынан артыкчылыкта. Канчага чейин мындай шартта уланары белгисиз”, - дейт ал.
НЬЮ-ЙОРК: ТОЗОК ШААР
Покровскинин чыгышында орус армиясы украин күчтөрүн Нью-Йоркту (аталышы АКШдагы шаарга окшош-ред.) көздөй сүрүп жатышат. 7-августта орусиялык аскердик блогерлер орус күчтөрү калаанын райондорунун бирине киришкенин кабарлашты.
Нью-Йорктогу орус күчтөрүнүн ийгиликтери Торецк шаарындагы украин армиясынын коргонуусуна басым жасап жатат. Ал жакта да орус аскерлери алдыга жылышууда.
Грабскийдин айтымында, Торецкти басып алуу Орусияга аймактын борбору Донецкини жана Горловка, Макеевка сыяктуу шаарларды камтыган аймакка көзөмөл орнотууга шарт түзөт. Торецкти алдыруу Константиновка шаарына да коркунуч жаратат.
УКРАИНАДАГЫ МОБИЛИЗАЦИЯ
Украин командирлери дуушар болгон эң чоң көйгөйлөрдүн бири адам ресурсунун жетишсиздиги.
Орусия өз армиясын жогору айлык жана жеңилдиктерди убада кылуу менен ыктыярчыларга толтуруп алган маалда, Украина мобилизация эрежелерин бекемдеген мыйзамды кабыл алууга ашыкпай турду.
Май айында мыйзам кабыл алынганы украиналык рекрутерлер адамдарды окутуу үчүн кабыл ала баштады. Айрым бөлүктөр жаңы кабыл алынган аскерлер менен толукталды. Анткен менен алардын көбү сентябрдын ортосунда гана даяр болору кабарланууда.
“Чынын айтсам, мен биздин балдар кантип өз турумдарын кармап жатканына таң калуудамын. Алар абдан чарчап-чаалыккан, адам жетишпейт, ок-дары таңкыс”, - деди Сергей Грабский.
Ал кошумчалагандай, армия жаңы чакырылгандар менен толукталса фронт тилкесин турукташтырууга шарт түзөт. Бирок азырынча контрчабуул уюштуруу мүмкүн эмес.
“Украин күчтөрү 2025-жылдын ортосуна чейин бир нерсе жасай аларынан күмөнүм бар”, - деди украиналык аскердик эксперт.