Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:18

Эрдоган Түркия Армения менен чек арасын ачууга даяр экенин айтты


Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Армения менен карым-катышын жакшыртуу маселесин кайрадан кайталап, Анкара коңшусу менен чек арасын ачууга жана дипломатиялык мамилесин жандантууга даяр экенин маалымдады. Бул тууралуу ал 23-февралда журналисттерге билдирди.

“Эгер Армения эки өлкөнүн ортосундагы мамилени нормалдаштыруу боюнча атайын элчилер баштаган процессти улантууга кызыкдар болсо, биз да эшигибизди жаппайбыз”, - деди Эрдоган.

Тирешип жаткан эки тараптын өкүлдөрү 14-январда Москвада сүйлөшүүнүн биринчи раундун башташкан. Армениянын парламентинин вице-спикери Рубен Рубинян жана Түркиянын АКШдагы мурдагы элчиси Сердар Кылыч баштаган топтор, сүйлөшүүнү дагы улантууну макулдашкан. Сүйлөшүүнүн экинчи раунду 24-февралда Венада өтөрү маалым.

Армения менен Түркия мамилеси XX кылымдын башынан бери начар. Армения 1915-1916-жылдары Осмон империясынын аймагында жашаган бир жарым миллионго жакын армян өлтүрүлгөн деп эсептейт. Армян геноциди тууралуу Еревандын дооматын дүйнөнүн 33 өлкөсү тааныган. Ал эми Анкара ал тарыхый окуяларга геноцид катары баа берүүнү кескин четке кагып, мамлекеттин армян калкын өлтүрүү боюнча максаттуу саясаты болбогонун жүйө келтирүүдө.

1991-жылы Азербайжан менен армян жикчилдеринин талаштуу Тоолуу Карабак аймагындагы согушунан кийин Анкара менен Еревандын мамилеси андан бетер начарлаган. Анда Армения жеңип чыккандыктан Азербайжанга тилектештик билдирген Түркия 1993-жылы чек арасын толук жаап салган. Тоолуу Карабактагы 2020-жылкы кагылышта Түркия Азербайжанга көмөктөшкөн, анын натыйжасында Баку талаштуу аймактын көп бөлүгүнө көзөмөлүн орноткон.

Түркия менен Армения 2009-жылы өз ара байланышты калыбына келтирүү жана чек араларды ачуу боюнча Тынчтык келишимине кол коюшкан. Аны эки мамлекеттин парламенттери бекиткен эмес. Учурда эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамиле жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG