Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:51

Иманкулов: шайлоого аралашкан мамкызматкерлерге чара көрүлөт


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов шайлоо жараяндарына аралашкан мамлекеттик кызматкерлердин баарына чара көрүлөрүн эскертти. Ал 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) Бишкектеги эки округдан кайра шайлоого бараткан талапкерлер катышкан жыйынында бардык фактылар териштирилип-иликтенерин эскертти.

"Эгерде силерде ошондой фактылар босо аны азыр элек текшеребиз, созуп отурбайбыз. Кайсы гана мамлекеттик кызматкер болбосун жоопкерчиликке тартканга даярбыз. Анткени бир дагы мамлекеттик кызматкер андай тапшырма алган эмес, ала албайт дагы. Биз баарына тыюу салдык. Өткөн шайлоолордо дагы биз облустарды кыдырганда ушундай тапшырмаларды койгонбуз, ошондо дагы эскерткенбиз. "Эгер кокусунан аралашып алып, укук коргоо органдары материал топтой баштаса, жоопкерчиликке тартса, арызданбагыла" деп эскерткенбиз. Бирок ошого деле карабай аралашып жатышпадыбы. Баягы 30 жылда болуп келген окуя бир күндө токтоп калбайт экен да".

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш берүү өтөт. БШК бир мандаттуу бул эки округдан жалпы 53 талапкерди каттаган. Биринчи май округунан 27, Свердлов округунан 26 талапкер бар.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышында 120 депутат болгон. 29-декабрда ишин баштаган VII чакырылыш 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен шайланып келди. 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланат.

XS
SM
MD
LG