Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:06

Талибдер аялдардан зарыл болсо жууркан менен чүмкөнүүнү талап кылды


Ооганстандагы аял "Талибан" жоочусунун жанынан өтүп баратат. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстандагы аял "Талибан" жоочусунун жанынан өтүп баратат. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) мамлекеттик мекемелерде иштеп жаткан аялдар мүмкүн болушунча жамынып жүрүшү керектигин маалымдап, ансыз иштен кетерин эскертти.

Жакшылыкты колдоо жана бузукулукту алдын алуу министрлиги 22-февралдагы билдирүүсүндө аялдар жетиштүү чулганбаса көчөгө чыкпашы керектиги белгиленет. “Хижабдын каалаган түрүн кийишсин. Бул алардын иши, бирок алар талаптагыдай жамынышы керек, зарыл болсо жууркан менен оронушсун”,-деп айтылат анда.

Билдирүү так ушул убакытта тарап жатканы түшүнүксүз болуп турат. Ооганстандагы аялдар сыртка чыкканда ансыз да дайыма денесин жана жүзүн жаап жүрүшөт.

“Талибан” кыймылы бийликти колго алгандан кийин мамлекеттик кызматтарда иштеген көпчүлүк аялдарга жумушка чыгуусуна тыюу салган. Талиб лидерлери аялдар менен эркектерге өз-өзүнчө кеңселер уюштурулгандан кийин кыз-келиндердин ишке чыгуусуна уруксат берилерин маалымдашкан.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашсыз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда. Алар бийликти башкарып жаткандан бери өздөрүнө каршы топторго жана митингдерге кескин бөгөт коюп, сындаган журналисттерди жана активисттерди камакка алып жатат. Аялдардын укуктары бузулуп жаткан көп учурлар катталууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG