Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:10

Кыргызстандын алтын запасы 2021-жылы дээрлик эки эсеге азайды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Улуттук банктын эл аралык корундагы алтынынын баасы 2021-жылы 591,8 млн. долларды түздү. Өткөн жылы 1 млрд. 18 млн. долларды түзгөн. Тактап айтканда, Кыргызстандын алтын кору 41,8% кыскарган.

Улуттук банктын маалыматына таянсак, алтындын запасы 2021-жылдын апрелинен баштап июнь айына чейин кескин кыскарган. Апрель айында 1 млрд. 168 млн. долларды түзсө, май айында 985 млн. долларга, июнда 430 млн. долларга чейин түшкөн. Кийинки айларда кайра көтөрүлүп отуруп 591,8 млн. долларды түздү. Алтындын көлөмү өткөн жылы 539 миң унцийден (трой унциясы) 327 миңге чейин төмөндөгөн.

Кыргызстандын Улуттук банкы “Азаттык” радиосуна алтын запасынын азайышын “Улуттук банктын баалуу металлдар менен операциялары жана сырткы каржы рыногундагы баанын өзгөрүшү” деп түшүндүрдү. Ошол эле убакта алтындын азайышына карабастан Улуттук банктын жалпы эл аралык резервдери 2,8 млрд. доллардан 2,97 млрд. долларга чейин өстү. Ага алтындан тышкары чет элдик валюта, баалуу кагаздар, чет элдик банктардагы депозиттер жана башка активдер кирет. (TSh)

XS
SM
MD
LG