Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Мадмаров: ЕАЭКтен Орусиядагы миграциялык мыйзам тоскоолдук эмес деген жооп келди


Курулуштагы мигранттар, Москва. Архив.
Курулуштагы мигранттар, Москва. Архив.

Кыргызстан Евразия экономикалык комиссиясына (ЕАЭК) Экономика министрлигинин атынан Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) тоскоолдук деген кат жөнөткөн. Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров ЕАЭКтен "тоскоолдук эмес" деген жооп келгенин билдирди.

“Евразия экономикалык биримдигинин алкагында тоскоолдук деген кат берилген. Ал жактан тоскоолдукка кирбейт деген түшүндүрмөсү менен кат келди”, - деди Мадмаров.

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине Орусиядагы жаңы миграциялык эрежелер, мигранттар кабылган көйгөйлөр жана ТИМдин аракети жөнүндө маалымат берди.

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.

Бул күндөрү каттоого туруу үчүн кезек күткөндөр Москва аймагында өтө көп болуп, миңдеп саналып жатканы байкалууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине 17-февралда нота жөнөтүп, жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен 21-февралда Москвадагы жолугушуусунда Орусиядагы жаңы миграциялык эрежелерге байланыштуу маселе көтөргөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG