Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды тизгиндөө же “чет өлкөлүк агент” деген макам берүү сыяктуу демилге маал-маалы менен көтөрүлүп жүрөт.
Айрым депутаттар жана коомдук ишмерлер чочулап аткан бейөкмөт уюмдар эмне кандай миссияны аркалашат, төмөндө кененирээк токтолобуз.
Бейөкмөт уюм кандай ишмердүүлүк менен алектенет?
Кыргызстанда 32 миңге жакын өкмөттүк эмес уюмдар Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн.
Алардын 6000ден ашууну коомдук фонддор, 8000ден ашууну коомдук бирикме. Каттоодон өткөн уюмдардын 500гө чамалуусу гана активдүү иш алып барат.
Алардын 90% Бишкек менен Ош шаарында, калганы өлкө аймактарында ишмердүүлүк жүргүзөт.
Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жардам берүүчү уюмдардын башында БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), АКШнын өнүктүрүү агенттиги (USAID), Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA), "Сорос-Кыргызстан" фонду, Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ), Глобалдык фонд жана башка донорлор бар. Булардан тышкары чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү өзүнчө жардам бөлүп келет.
Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (Japan International Cooperation Agency - JICA)
Таласта дыйканчылык менен алектенген Атыкан Кулмурзаев 2014-жылы жапондор уюштурган жашылчанын үрөнүн өндүрүп, экспортко чыгарууну үйрөткөн окуудан өткөн. Программага Кыргызстандын бардык аймагынан дыйкандар катышкан. Дыйкан учурда анын үзүрүн көрүп, Жапонияга ашкабактын уругун экспорттой баштады.
Үч жылда ашкабактын үрөнүн сепкен жердин аянты үч эсе чоңойду. Быйыл ал Жапонияга 250 килограмм ашкабак уругун экспорттойм деп белсенип турат. Дыйкан жапон долбоорунун аркасы менен алакандай жерди иштетип, кошумча каражат тапса болоруна көзү жеткенин баяндады:
"Эки жылда үрөн өндүрүү, экспорттоо боюнча баарын окуп сертификат алдык. 2016-жылдан бери Кыргызстан боюнча төрт облус, долбоордун бүтүрүүчүлөрү 24 киши кооператив түзгөнбүз. Ага Талас, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын тургундары кирген. Долбоор жардам берип турат. Бадыраң, капуста, салат жалбырагынын үрөнүн экспорттогонбуз. Сабиз, помидор, болгар калемпири, жашылчалардын уругун деле чыгарсак болот, бүт баарын үйрөткөн. 2020-жылдан баштап жапониялык эки компания ашкабактын уругун берген. Биз өндүрүп текшертүүгө жиберсек, бардык талаптардан өтүп, жакшы чыкты. Азыр суроо-талап көбөйүп, келишим узартылды. 2020-жылы 20 сотых менен 100 килограмм үрөн экспорттосок, 2021-жылы Бакай-Ата менен Таласта дыйкандар дагы кызыгып 60 сотыхка жетти. Өндүргөн үрөнүбүз дагы көбөйдү. Быйыл 250 килограммдан ашыгыраак экспорттогону турабыз".
JICA долбоордун алкагында дыйкандарды акысыз окутуп, урук, жер семирткич, айрым техника менен камсыздайт.
"2015-жылы Жапонияга барып келгенбиз. Биздикиндей эле система, өздөрүнүн менчик тилкеси болот экен. Ошолорго эле үрөн өндүрөт же кооператив болуп компаниялар менен иштешет. Биз Англия, Америкага барып айыл чарбасы менен таанышып, тажрыйба алмашып келгенбиз. Ал жакта система башкача, кыйыныраак. Биздики жапондордукуна окшош. Бизде ар бир дыйкандын үйүндө 20 сотыхтан тилкеси бар, ошону пайдалана албай жатат. Биздин максат - туура пайдаланып, үрөн өндүрүп, экспорттоп кошумча каражат тапса болот. Минималдуу алганда 10 сотых жерден бир сезондо 1200-2000 доллар тапса болот".
JICA - кыргызстандыктарга жакшы белгилүү. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2000-жылы ачылган. Агенттик айыл чарба, социалдык инфротүзүм, жакырчылык менен күрөшүү, социалдык жана агрардык өнүгүү, саламаттык сактоо, мыйзамдык системаны реформалоо өңдүү ар бир кыргызстандыктын жашоосуна түз таасирин тийгизген ири долбоорлорду ишке ашырып келет.
2400дөй жаран, негизинен мамлекеттик кызматкерлер Жапониядан финансы, менежмент, юриспруденция, саламаттык сактоо, салык, экология, суу-энергетикалык ресурстар боюнча билим алып, кесиптик чеберчилигин өстүрүп келген.
JICA ыктыярчылары Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Бишкек шаарында жапон тилин үйрөтүп, музыка, дене тарбия, компьютердик технология боюнча сабак берет. Техникалык кызматташтык долбоорунун алкагында JICA тил, маалымат технологиясы жана бизнес жаатында курстарды уюштуруп келет.
Жакында эле кыргыз өкмөтү Ош - Баткен - Исфана автожолунун бир бөлүгүн оңдоого (28-75 чакырымын) тендер жарыялап, ага JICA 50 миллион доллар бермей болду.
Германиянын эл аралык кызматташтык уюму (Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit - GIZ)
Жалал-Абаддын алыскы Жаңы-Жол айылынын тургуну Жылдыз Осмонова немис технологиясы менен кыям чыгарып, чет өлкөгө экспорттогону турат. Ал 2020-жылы GIZ уюму уюштурган окуудан өтүп, немис технологиясы менен шире, кыям, сок даярдоону үйрөнгөн. Айылдагы 20дай аял кооператив түзүп, цех ачышты. Бул үчүн GIZ 1 млн. 850 миң сом жардам көрсөттү.
"2021-жылы долбоорубуз колдоо таап, цехти курдук. Өткөн жылдын октябрь айында бизге керектүү жабдуулар келип, иштей баштадык. Немис технологиясы менен кайналы, сары, кызыл долонодон жана жапайы алмадан кыям чыгарабыз. Алманын ширесин, жүрөккө даба деп кызыл долонодон шире чыгардык. Мамлекеттик стандарттан өтүп, этикеткабыз дагы даяр болуп калды. Биз башкаларга окшоп Орусияга чыга албайбыз. Алыскы айылдардын бири. Азырынча 20дай адам иштейт. Аксы кайналынын кени, биз Сары-Челектен алып келдик. Чийки затты (сырьё) элден алдык. Экспортко чыгалы деген планыбыз бар. Биринчи жолкусунда 11 миң банка чыгардык. GIZ бизге башында банка, капкак, кумшекер, башка керектүү нерселерди алып берди", - деди Осмонова.
Жылдыз башында турган кооператив келечекте "Апамдын кыямы" деген экологиялык жактан таза, ден соолукка дагы пайдалуу азыктын бир нече түрүн даярдоону пландап жатат.
Саламаттык сактоо, экология, токой жана жайыттарды башкаруу, билим берүү, ишкерликти өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлорду колдоп келаткан GIZ 120 өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Кыргызстанда 1992‑жылдан тартып иштей баштаган.
GIZ калктын киреше деңгээли төмөн болгон айыл жергесинде, Ош, Жалал‑Абад, Нарын жана Ысык‑Көл облустарында иш алып барат.
Ушул таптагы долбоорлор:
- Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү;
- Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү;
- Жаштар үчүн жаркын келечек программасы;
- Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик билим берүү;
- Кыргызстандын баштапкы саламаттык сактоонун өнүгүүсүнө көмөктөшүү;
- Кыргызстандагы "BACKUP Саламаттык сактоо" долбоору;
- Жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу;
- Эки тараптуу изилдөө жана эксперттер фонду.
GIZ айыл чарбада
Жер‑жемиш жана жашылча өстүргөн 1285 фермер үрөн, минералдык жер семирткичтерди, биологиялык дары каражаттарын жана башка маанилүү өндүрүш каражаттарын алууга жардам алды. Облустагы 54 айыл чарба өндүрүүчүлөрү тоңдурмадан кийин эгилген жашылча үчүн жер семирткич алды.
GIZ бизнесте
Мейманкана‑ресторан бизнес-ассоциациясынын 50 мүчөсү коопсуздук стандарттарын сактоону камсыз кылышты.
Нарын облусунда жашаган колунда жок 400 үй‑бүлө тамак‑аш жана эң керектүү буюмдарды алды.
GIZ экологияда
Экология, токойлорду, климаттык тең салмактуулукту сактоо дүйнө жүзүндө негизги маселеге айланды. GIZ Кыргызстанда токойлорду көбөйтүү жана элдин экологиялык сабаттуулугун арттыруу максатында бир катар иш-чараларды ишке ашырып жатат. Долбоордун алкагында жергиликтүү шарттарда оңой, тез өсө турган бак-дарактын түрлөрүн тигишет.
Немистердин уюму бир нече жылдан бери Базар-Коргон районунда жергиликтүү эл жана Мамлекеттик токой чарба агенттиги менен чогуу токойлорду, жайыттарды башкаруунун туруктуу үлгүсүн иштеп чыгуу менен катар кирешесин көбөйтүү жолдорун үйрөтүп келет.
АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (The United States Agency for International Development - USAID)
Кыргызстанда сот системасы коомчулуктун сынына кабылган тармактардын бири. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири деп сот адилетсиздиги белгиленип келет. Сот системасынын ачык-айкындуулугун жана көз карандысыздыгын чыңдоо, сот органдары менен коомдун байланышын өркүндөтүү боюнча демилгелерди колдогон “Укук булагы” долбоору башталды.
USAID акыркы беш жылда Кыргызстанга 188 млн. доллар бөлгөн. 1992-жылдан бери өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалпысынан 600 млн. доллардан ашуун жардам берген.
Кайтарымсыз грант катары берилген каражат бизнести колдоого, айыл чарбасын өнүктүрүүгө, саламаттык сактоону жакшыртууга, көз карандысыз ЖМКларды чыңдоого, баштапкы билим берүүнү жакшыртууга, шайлоолорду колдоого жана башка маанилүү өнүгүү программаларына жумшалды.
Марат Султанов уюмдун бизнести өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү, өзгөчө айылдагы ишкерликти колдоого багытталган атаандаш ишкерлик долбоорунун катышуучусу. ЮСАИДдин колдоосу менен ал тигүү фабрикасын кеңейтип, тийиштүү жабдыктарды алган.
Бул үчүн уюм 90,5 миң доллар грант берген. Фабрика балдардын, аялдардын кийим-кечесин тигип, негизинен Орусияга экспорттойт. Учурда жумушчулардын саны 160тан ашуун.
"ЮСАИДдин "Конкуренттүү ишкана" долбооруна катышып, жабдууларды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алгам. Жабдууга түз берилген каражат 90,5 миң доллар. Бул тигүү машинелерин саткан компанияга которулган. Долбоор үч жылга созулат. Негизги шарттардын бири - жумуш орундарын көбөйтүү. Жумушчулардын дээрлик бардыгы айылдык, жергиликтүү тургундар".
Саламаттык сактоо
2020-2021-жылдары уюм COVID-19 менен күрөшүүгө байланыштуу эң зарыл муктаждыктарына 2,9 млн. долларлык жардам берген. Анын алкагында 900дөн ашуун дарыгерлер, лаборатория кызматкерлери жана медайымдар COVID-19 менен күрөшүү боюнча окуудан өттү.
Медкызматкерлердин жетишсиздик маселесин жоюу максатында, долбоор "универсалдык медайым" моделин «кызыл зоналарга» киргизүүгө жардам берди.
Айлана-чөйрөнү коргоо
USAIDдин миссиясы курчап турган чөйрөнү, сейрек кездешкен жаныбарларды коргоо, илбирске кам көрүү, өлкөнүн жана Борбор Азия менен Түштүк Азия аймактарындагы мөңгүлөр менен суу ресурсуна климаттык өзгөрүүлөрдүн тийгизген таасирин изилдөө боюнча бир катар программаларды колдойт.
Суммасы: 7 млн. доллар (регионалдык бюджет); 390 миң доллар (Кыргызстан).
Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу
"Агро горизонт" долбоору аркылуу 50дөн ашык агроишканалар менен өнөктөштүк түзүлдү. Бул өнөктөштүктүн негизинде $5,9 миллион АКШ долларына барабар жаңы инвестиция тартылды.
Долбоордун жардамы менен эки чет элдик түз инвестиция тартылып, кургатылган мөмө-жемиштерди Кыргызстанда кайра иштетип, таңгактап жана сатыкка чыгарчу биргелешкен эки кыргыз-тажик компаниясы түптөлдү (мурда сырье Тажикстанга экспорттолуп, андан ары кайра иштетилип, анан сатылчу).
USAID Кыргызстандагы эң биринчи сафлор жана башка май өсүмдүктөрүн кайра иштетүүчү өндүрүштү ишке киргизгенге көмөктөштү. Жаңы ишкана Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 2 680 гектар кайракы жерди өздөштүрүүгө салым кошту. Долбоор башталгандан бери аялдар, эркектер жана жаштар үчүн 1200 туруктуу жумуш орун түзүлдү.
"Окуу керемет!" долбоору
Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1687 мектепте ишке ашырылып жатат. Бюджети 18,9 млн. долларды түзгөн долбоор башталгыч мектептердеги 300 миң окуучунун математика жана окуу сабактары боюнча билимин жогорулатууга багытталган.
Долбоордун аягына чейин өлкө боюнча 1687 мектеп жана коомдук китепканалар балдарга арналган 900 миң нуска китеп менен толукталат.
Бүгүнкү күнгө чейин "Окуу керемет!" долбоорунун алкагында англис тилиндеги 250 китеп кыргыз жана орус тилдерине которулуп, түрдүү жанрда 90 жаңы китеп иштелип чыкты.
"АГРОСООДА" долбоору
Экономикалык өнүгүү жана соода багытындагы долбоордун бюджети 15 млн. доллар. Долбоор Кыргызстанда айыл чарба ишканаларынын күчөтүү жана Өзбекстан менен сооданы кеңейтүү аркылуу жумуш орундарын көбөйтүүгө багытталган.
USAIDдин ири долбоорлорунун бири "Конкуренттүү ишкана" - бюджети 22,7 млн. доллар. Долбоордун алкагында 19 миң жаңы жумуш орун түзүлмөкчү. Чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтөт.
Долбоор кедейчилик менен жумушсуздуктун деңгээли жогору аймактарга өзгөчө көңүл бурат. Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында айыл чарба, тигүү өнөр жайы, өндүрүш, билим берүү жана маалымат технологиялары сыяктуу тез өсүп, көп жумуш орундарын түзө ала турган тармактарга багытталган.
"Сорос-Кыргызстан" фонду
Айдай Өмүрбек кызы мейман тоскон үйгө барып дасторкон жайып, тамак-ашын жасап, конок узатуу кызматын көрсөткөн ишкерликти баштаганына быйыл төрт жылдын жүзү болот.
Айдай 2017-жылы "Сорос-Кыргызстан" фондунун "Айылдык табышкер" долбоорунун сынагына катышып, ишкерликти алдыга жылдыруу, өнүктүрүү боюнча акысыз окуудан өткөн. Кулинарияга үйрөткөн курска катышкандардын саны беш эсе көбөйүп, конок тосууга буюртма бергендер кыйла арбыган.
"Ишкерликти алдыга жылдыруу семинарына 30дай киши катыштык. Азыр гезит-журналдарга караганда социалдык тармактар аркылуу элге бизнести тааныштыруу алда канча натыйжалуу экен. Бизге жасап жаткан ишибизди кантип сүрөткө кооз кылып тартып, баяндап бергенден баштап, кантип кардар тартуу керек дегенге чейин үйрөтүштү.
2017-жылдан бери Jeneler.kg деген сайт ачып, куда тоскондорго кызмат көрсөтө баштаганбыз. Биздин жарнамабыз эле кардарлар болчу. Биз бир үйгө барып куда тоссок, ал жердегилердин жарымы сөзсүз телефондорубузду алып калышчу. Мен өзүм ашпозчу-кондитермин. Ошол аркылуу ишти баштап калгам. Кулинардык курсубуз бар, ошону кантип онлайн өнүктүрсөк деп жүргөн элек. 2017-жылдан 2021-жылга чейин бир эле форматта иш алып бара берип, эми кантип кеңейтсек, өссөк деген учурда ушул долбоор чыгып калды. Мурда бир айда 30дай окуучу кабыл алсак, азыр окуучулардын саны 100гө жакындады. Себеби таргет деген сонун нерсе экен. Мында Кыргызстанда эле эмес, Орусия, Казакстанга да тарай берет. Сөзсүз турдө кирешебиз көбөйдү. Бул бир эле багыт боюнча".
Учурда Айдай долбоордун аркасы менен Ошто жана Жалал-Абадда өз фирмасынын филиалын ачты. Анда 30га чукул кыз-келин иш менен камсыз болгон.
"Сорос-Кыргызстан" фонду Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барат. Ошол жылдан тарта фонд жети тематикалык тармакта, коомдук саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук, жарандык катышуу, жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүү, санариптешүү, илимий изилдөө багыттарында жардамдарды берет. Анын ишмердүүлүгү интернетте ачык булактарда жайгаштырылып, аны эл аралык аудиттик компания жыл сайын текшерип турат.
1995-2021-жылдар аралыгында жогорудагы багыттар боюнча жергиликтүү уюмдарга жалпы 111,45 млн. доллар жардам берген. Анын 40% жакыны саламаттык сактоо тармагына багытталган. 2020-жылы фонд мамлекеттик бюджетке 29,4 млн. сом которгон.
"Сорос-Кыргызстан" фонду каражаттын 44,4% же 1 млн. 922 миң 115 долларын коомдук саламаттык сактоого бөлгөн.
Коронавирус пандемиясы менен күрөштө "Сорос-Кыргызстан" фонду тарткан каражаттын эсебинен жеке коргоонуучу каражаттар (СИЗ, миң костюм, медициналык беткап, бир жолу колдонулуучу колкап, бутка кийүүчү кап, антисептик), медициналык жабдуулар (өпкөнү жасалма дем алдырчу бир аппарат, кычкылтек концентраторлору, компьютерлер) жана дары-дармек ( гепарин, клексан жана цефепим дарыларын) менен бир катар мамлекеттик ооруканалар, медициналык мекемелер, "Тез жардам" кызматы, Ички иштер министрлиги, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы, Билим берүү жана илим министрлиги камсыздалган.
Коронавирус жуктургандарга маалымат берип, бейтаптарга ыкчам жардам берүүчү 118 кызматын түзүүгө каржылык жардам көрсөттү.
Саламаттык сактоо министрлиги пандемия учурунда ооруну алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга байланыштуу чет элдик уюмдардан 56,15 млн. долларлык төрт келишимге кол койгон. Алардын 35,575 миллиону насыя, калганы жардам.
Министрликтин Эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткарып жаткан Зуура Долонбаева донор уюмдардан алынган жардам тууралуу буларды айтты:
"2020-жылы коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында донорлор, Дүйнөлүк Банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкы менен келишим түзүлгөн. Келишимдин негизинде пандемия учурунда эң зарыл жеке коргонуу каражаттары, ПЦР- анализ тапшыруу үчүн реагенттер алынган, дары-дармек, медициналык жабдыктары менен камсыз болгон. "Тез жардам" машинелери, санитардык-эпидемиологиялык кызматтарын жакшыртуу үчүн атайын автоунаалар сатып алынган. Ушул келишимдердин негизинде өлкөдөгү жети санитардык текшерүү пунктунда ремонт иштери жүргүзүлдү. Тиешелүү жабдыктар менен камсыздалды. 17 ооруканада капиталдык ремонт жасалды".
Билим берүү
Пандемия саламаттык сактоо сыяктуу эле билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү, кемчиликтердин бетин ачты. Дээрлик бардык мектептер аралыктан окууга өтүп, өзгөчө аймактагы мугалимдер бир топ эле кыйынчылык тартты.
Телесабактарды тартууга катышкан 223 педагогго сый акы жана жардам үчүн донор уюмдар 800 миң доллардан ашуун каражат бөлсө, анын 180 миң долларын "Сорос - Кыргызстан" берген.
1 292 телесабак орто мектептин негизги предметтери боюнча иштелип, эфирге даярдалды – (IV чейрек, 2019-2020-окуу жылы).
Шишик оорулары менен ооруган 113 бала аралыктан окутуу программасына тартылды.
Көзү азиздер жана начар көргөн балдар үчүн
1000 нуска атайын техникалык каражаттар чыгарылды.
Ош жана Бишкек шаарларындагы адистештирилген мектеп-интернаттардын жогорку класстарында окуган 100гө жакын балдар аларды пайдаланат. 50дөн ашык ата-энелер психологиялык-педагогикалык жардам алды.
Маалыматтык программалар
Бул программанын алкагында 24 651 абитуриент жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн 2020.edu.gov.kg сайтын пайдаланып, алардын ичинен 83% окууга тапшырды.
15 миң бала программалоону үйрөнүү үчүн balatech.asia платформасын колдонгон. Алардын 45% кыздар.
"50 миң программист": 980 адам programmer.kg онлайн программалоону окуп жатат.
53,2 млн. сомго 7-9-класстар үчүн информатика боюнча 330 000 окуу китеби чыгарылды.
Кыргызстанда репрессиянын курмандыктары жөнүндө (1918 – 1953) esimde.kg ачык маалыматтар базасына 17 426 карточка 102.kg – Кыргызстандагы жол кырсыктары жөнүндө маалыматтар боюнча визуалдаштырылган сайтты ишке киргизди.
Ага Хан фонду (The Aga Khan Development Network - AKDN)
Кыргыз өкмөтү асыл тукум чарбаларын көбөйтүүгө белсенүүдө. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө асыл тукум мал 5% дагы жетпейт.
Алайлык Алайбек Алымкулов бул ишти үч жыл мурда Ага Хан фонду менен бирге баштаган. Асыл тукум букаларды алып келип, жасалма уруктандыруу боюнча акысыз окуулардан өткөн.
"Алар бизге кайсыл жерден таза кандуу букаларды алып келип уйларга кошсок болот, кандай өзгөчөлүгү бар жана дарегин тактап, айтып беришет. Биз алардын сунушу менен буканы Нарындан алып келдик. Өткөн жылы биз эки жолу, чоңалайлыктар үч жолу алып келди. Азыр музоо-торпокторду алып жатабыз. Былтыр жасалма уруктандыруу менен торпокторду алдык. Биз негизинен ангустарды алып келип кошконбуз. Азыр жасалма урук менен менде сементал, ангус, швиц бар. Азыр эми ошолордун санын көбөйтүп жатабыз. Булар сүт, эт багытындагы пародалар. Жергиликтүү малдарга караганда өзгөчөлүктөрү көп. Сүт багытындагылар жергиликтүү малга караганда эки-үч эсе көп сүт берет. Эт багытындагылар көлөмү боюнча дагы чоң, эттүүлүгү дагы 60-65% чейин келет.
Азыр эл дагы кызыгып иштей баштады окшойт. Бардык эле иште аракет кыла берсең эле жыйынтык чыгат да. Торпоктору азырынча чоңоюп, көбөйгөнгө жарай элек. Базарда эт багытындагылардын айырмасы бар, 10 миңдин тегерегинде кымбат сатасың. Биринчи партиясында 1,5 жашар эркек торпокторун саттык. Күзүндө базарда 1,5 жашар торпогун 58-60 миңге саттык. Жергиликтүү породалар 10-15 миңге арзан. Тоютту көбүрөөк жейт. Бирок экономикалык жактан эсептегенде, бизде жети ай жайытта кармалат, беш ай тоют жейт. Жети айда булар салмак кошуп, тез чоңоёт".
Мындан сырткары кыргызстандык фермерлер жергиликтүү климатка ылайыкташкан бодо малдын Абердин-Ангусс, Швиц, Бурый Швиц, Сементал, Лимузин, Голштин, Герефорд деген породаларын өстүрүүдө.
Билим берүү, экономикалык жана финансылык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, адамдын жөндөмүн, потенциалын өнүктүрүү, жарандык коом менен жергиликтүү башкарууну бекемдөө багытында Ага Хан фонду өлкөдө 2001-жылдан бери иш алып барат.
Кыргызстандын бардык аймагында фонддун өкүлчүлүктөрүндө 1500дөй киши эмгектенет, алардын дээрлик бардыгы жергиликтүү тургундар.
2020-жылы Ага Хан фонду ишке ашырган долбоорлордун бюджети 4,11 млн. долларды түзгөн. Аларга республика боюнча 372 200 киши катышкан. Алардын 46% эркектер.
Министрликтин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Нурбек Акжоловдун "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, Кыргызстанга акча эки жол менен келет. Бири мамлекеттик инвестициялар аркылуу ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн, экинчиси - бюджетти колдоого келген каражат. Кыргызстан 2021-жылы жалпысынан 38 млрд. сомго (447 милион 585 мин 394 доллар) жакын каражатты сырткы донорлордон алган. Алардын 11,4 млрд. сому бюджетти колдоого тартылган.
Соңку президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо, конституциялык референдум чет элдик донорлордун көмөгү менен өткөн.
"Ири долбоорлорго 26,4 млрд. сомду сырттан алып келгенбиз, башкача айтканда өздөштүргөнбүз. Мунун ичинде 17,9 млрд. сому насыя, 8,5 млрд. сому грант. 2021-жылы 11,4 млрд. сом акча каражатын бюджетти колдоого тартканбыз. Мунун 6,1 млрд. насыя, 5,3 млрд. сому грант түрүндө келген. Бюджеттик колдоону Министрлер кабинети социалдык муктаждыктарга карап, пенсия, жөлөк пулга которуп берүүгө же бюджеттик тартыштыкты жабууга колдонулат. 2020-жылы пандемияга жараша бюджеттик колдоого көп каражат тартылган. Эл аралык валюта фондунан эле 240 млн. доллар алынган. Орусиядан 20 млн. доллар, Европа Биримдигинен 27,3 млн. доллар жана башка донорлордон акча келген", - деди Акжолов.
Кыргызстан негизинен Азия өнүктүрүү банкынан, Европа Биримдигинен жана Дүйнөлүк банктан каражат алат.
Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу грант берүүчү уюмдардын башында ПРООН, ЕККУ, USAID, JIСA, "Сорос" фонду, Глобалдык фонд жана башка донорлор бар. Булардан тышкары чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү өзүнчө грант бөлүп келишет.
Бейөкмөт уюм деген эмне?
"Бейөкмөт уюм" деген термин 1945-жылы Бириккен Улуттар Уюму менен чогуу киргизилген. Бейөкмөт уюмдар - бул өкмөттөн көз карандысыз иштеген уюмдар.
Алар гуманитардык ишмердикти аркалап, социалдык өзгөрүүлөргө өбөлгө болушат. Бейөкмөт уюмдар - чоң максатты көздөгөн адамдар биргелешип түзгөн коммерциялык эмес уюмдар.
Соңку учурда Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды тизгиндөө же “чет өлкөлүк агент” деген макам берүү маселеси кайрадан көтөрүлүүдө.
Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” деген макам берүүнү Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.
“ V чакырылышта комитеттеги экинчи окууда каралган мыйзамды кайра көтөрүп чыгууга протоколдук тапшырма берсеңиз. Ошол депутаттардын ичинен кайра мен депутат болуп келдим. Каалоочулар болсо кошулгула”, - деди Нарматова парламент жыйынында.
Кыргызстанда 20 жылдан бери иш алып барган Германиянын Ханнс Зайдел фонду өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдарды басмырлаган жана айыптаган риторикаларга нааразылыгын билдирди. Мекеменин билдирүүсү фонддун Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Макс Георг Майердин атынан таратылды.
“20 жыл бою кээ бир жагдайларда нааразы болсок дагы, ар дайым жүзүңүздөргө жылмайып, ал нааразылыгыбызды көрсөтпөгөнгө аракет кылып келдик. Өткөн жылы кыргыз мамлекети улуттук жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын ишин оорлотуучу шарттарды түзсө дагы капа болбогонго аракет кылдык. Албетте, биз дагы адамбыз. Ошондуктан ар кандай эмоциялар бизде дагы болот. Биз 20 жыл бою ушунча аракет кылсак дагы, Кыргызстандан мындай жоопту күткөн эмеспиз. Мындай жооп бизди өтө капа кылды. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Надира Нарматова бизге окшогон уюмдарга чет элдик агенттер боюнча мыйзам кабыл алууну сунуштап, “биз аларга чет элдик агент деген макам бермейинче, республикада тынчтык болбойт” деген катуу аргументти карманып келет. Чынын айтсам, бул мамиле жеке мени жана биздин уюмду каралап, жүрөгүбүздү терең жаралады. Анан мен өзүмө "кыргыз элинин ыраазычылык айтуу жолу ушундайбы" деген суроо койдум”,- деп айтылат Макс Георг Майердин катында.
Өлкөдө социалдык-экономикалык багыттагы бир катар көйгөйлөрдү чечүүдө бейөкмөт уюмдардын ролу чоң экенин парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү да айтып келет.
Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзамга 2021-жылы июль айында кол койгон. Президенттин басма сөз кызматы мыйзамдын максаты акча жана материалдык каражаттарды акысыз алган коммерциялык эмес уюмдардын (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден сырткары) ишинин ачыктыгын камсыздоо экенин билдирген.
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарын тизгиндөө аракети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда, 2014-2015-жылдары башталган. Документ Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам ошол кезде кабыл алынган эмес. Бейөкмөт уюмдар, эл аралык коомчулук мыйзам өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сындап келет.
Мыйзамды Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова иштеп чыккан.
Быйыл март айынан тарта Министрлер кабинети өкмөттүк эмес уюмдар Мамлекеттик салык кызматына каржы жана мүлкү тууралуу маалыматтарды кандай тартипте бере турганын бекитип, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткара баштады.
Ага ылайык, бейөкмөт уюмдар ыктыярдуу түрдө жана кайрымдуулук катары түшкөн каражаттын суммасын, аны ким которгонун, грант, гуманитардык жана техникалык жардам тууралуу отчёт тапшырышы керек. Буга кошумча мүлкү тууралуу маалыматты да 1-апрелге чейин бериши зарыл.
Бейөкмөт уюмдар ансыз деле каржы маселелери боюнча отчёт берип келгенин, бул кошумча жүк болуп жатканын билдиришти.