Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Садыр Жапаров парламент депутаттарына кайрылды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн 18-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, парламенттеги жыйындарга “Министрлер кабинетинин төрагасы өзү келсин, министр өзү келсин деген талапты койбосоңуздар” деп суранды.

Социалдык түйүндөрдөгү баракчалары аркылуу жарыялаган кайрылуусунда мамлекет башчысы “Министрлерди зарыл иштер менен чакырсам эле “Жогорку Кеңеште жүрөбүз, министр өзү келсин дептир” деген жоопторду угам. Бир күнү кечке жүрүп же жарытылуу маселе чечилбейт” деп айтты.

Министрге караганда тигил же бул маселени адистигине жана багытына жараша орун басары жакшы билерин айткан Жапаров Министрлер кабинети чече турган маселени апта сайын өтчү жыйынына катышып, ошол жерден көтөрсө болорун кошумчалады.

2010-жылы ыңкылап жолу менен бийлик алмашканда Кыргызстан Конституциясын өзгөртүп, парламенттик башкарууга өткөн. 2020-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган.

Азыркы жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш ишке 2021-жылдын 29-декабрында киришкен, ал 90 мандаттан турат. Алтынчы чакырылышта 120 депутат болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG