Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Казакстанда коомдук ишмерлер Нур-Султанды Астана аталышына кайтарууну талап кылышты


Мурдагы Астана, азыркы Нур-Султан шаары.
Мурдагы Астана, азыркы Нур-Султан шаары.

Казакстандагы коомдук ишмерлер тобу "Ел болашағы" ("Өлкө келечеги") деп аталган кайрылуу кабыл алып, бийликтен саясий реформаларды талап кылышты.

“Биз, ар кайсы тармактарда иштеген, бирок өлкөдөгү соңку кырдаалга кабатыр болгон Казакстандын жарандары ушул кайрылуубуз менен жалпы коомчулукка жана өлкө жетекчилигине республиканын келечегин куруу тууралуу көз карашыбызды жеткиргибиз келет”, - деп айтылат анда.

Кайрылууда январдагы окуялар баяндалып, ага “катуу жана адилетсиз автократиялык режим” себеп болгону, эми аны жумшартуу зарылдыгы белгиленет. Анын авторлору муну үчүн партияларды каттоонун талаптарын жеңилдетүүнү, партиялык атаандаштык жаратууну жана парламентке аралаш системада чукул арада шайлоо өткөрүүнү талап кылышат.

Демилгечи топ Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Январь окуяларын эл аралык эксперттердин катышуусунда иликтөөгө уруксат берүүгө, саясий туткундарды бошотууга жана кармалгандарды кыйноого алган укук коргоо кызматкерлерин жазага тартууга чакырышат. Алар ошондой эле Казакстандын борборун Нур-Султан деген аталыштан мурдагы Астана аталышына кайтарууну сунушташкан.

Кайрылууга коомдук ишмерлерлер, укук коргоочулар, адвокаттар, журналисттер, саясий талдоочулар, ишкерлер жана мурдагы аткаминерлер кол коюшкан.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2019-жылы президент болуп шайлангандан кийин борбор калаа Астана шаарын биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин урматына Нур-Султан деп өзгөрткөн. Бул кезинде бир топ нааразылыктарды жараткан. 2022-жылдын январь айындагы кандуу тополоңдордо да борбордун аталышын мурдагысына кайтаруу талаптары жаңырган. Андан бери да ар кайсы активисттер тобу эски аталышты алып келүү талабы менен акцияларды уюштуруп, петицияларды кабыл алып келишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG