Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Баткенде өкмөттүн көчмө жыйыны өтөт


Баткен.
Баткен.

Өкмөттүн кезектеги көчмө жыйыны 22-февралда Баткен шаарында өтөт. Бул тууралуу 16-февралда Жогорку Кеңеште депутат Чыңгыз Ажибаевдин суроосуна жооп берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Ажибаев Баткен облусундагы өзгөчө жеңилдиктер берилүүчү айылдардын тизмесине кызыгып, аны ким түзгөнүн, өкмөт облусту өнүктүрүүгө былтыр убада кылган 500 миллион сомдун дайыны эмне болгонун сурады.

Жапаров тизмени биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жетектеген штаб түзүп, биринчи этабын аяктаганын, 22-февралда өтө турган жыйында акыркы варианты такталарын, 500 миллион сом бюджетте каралганын, “акча бөлүнө баштаганын” айтты.

Депутат Ажибаев өзгөчө макам берилүүчү айылдардын тизмесин кайра карап чыгуу керектигин билдирди:

“Анткени эл нааразы болуп жатат. Лейлек району ал тизмеге толук кириши керек. Минтип жатсаңар инвестор качан келет? Сырткы жана ички миграция күндөн күнгө өсүп жатат. Мектептердин абалын көрүп жатасыңарбы, качан жасалат? Сугат суу менен качан камсыз кыласыңар? Суу жок, чөп өспөйт эч жерде”.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “Ал жерге чоң суу сактагычты долбоорлоо ишин баштайлы деп турабыз. 180 миллион сомдук акча керек” деп жооп берди.

“Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамдын негизинде чек ара аймагында жайгашкан айылдардын тургундарына социалдык-экономикалык жактан жеңилдик берүү, инвестиция тартууга шарт түзүү, колдоо көрсөтүү үчүн 62 айыл тандалып алынганы буга чейин айтылган.

Баштапкы тизмеге дагы 89 айылды киргизүү сунушталып жатканын 2-февралда “Азаттык” радиосуна президенттин Баткендеги чек аралаш айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү Кайрат Кошбаков билдирген.

Кыргызстан Баткен облусунун аймагында Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Суу жана жер тартыш болгондуктан, чек ара тилкесинде чыр-чатактар катталып турат. 2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK)

XS
SM
MD
LG