Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Орус парламенти Донбасстагы жикчилдерди таануу өтүнүчү менен Путинге кайрылды


Орусиянын Мамлекеттик Думасы.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" ("ДНР" жана "ЛНР") деп атап алган жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын көз карандысыздыгын таануу өтүнүчү менен президент Владимир Путинге кайрылды. Коммунисттик партия даярдаган тиешелүү токтом долбоорун 351 депутат колдоп, 16 эл өкүлү каршы, бирөө калыс болду.

Спикер Вячеслав Володин документке дароо кол койгонун, эми ал президентке жөнөтүлө турганын айтты. Токтомдо украин бийлиги Луганск жана Донецк облустарындагы "тарыхый жактан калыптанган турмуш-тиричиликтин нормаларына сабырсыз болуп калды" деп жазылган.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялагандан көп өтпөй Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда кармаш тутанган. Андан бери Донбасста 14 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарды расмий таануу аракети Москванын Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск келишиминен чыкканына тете экенин айтты.

Дума соңку документти орус-украин чек арасында кырдаал чыңалып турган учурда кабыл алды.

АКШ, Британия сыяктуу НАТОго мүчө өлкөлөр Орусия Украина менен чек арасына жакын аймактарына 130 миңдей аскерин жана аскердик техникасын топтоп койгонун, Москва кайсы учур болбосун Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чек арасына жакын жайгаштырылган айрым аскердик бөлүктөр артка кайта баштаганын жарыялады. Бирок Киев жана НАТО азырынча аскерлер Украинага чектеш аймактардан кете электигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG