Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:21

Орусия Украинанын чегиндеги айрым аскердик бөлүктөрүн артка кайтарат


Орусия менен Беларустун аскердик техникалары машыгуу учурунда. 4-февраль, 2022-жыл.
Орусия менен Беларустун аскердик техникалары машыгуу учурунда. 4-февраль, 2022-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чек арасына жакын жайгаштырылган айрым аскердик бөлүктөр артка кайта баштаганын жарыялады. 15-февралда министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков учурда Орусияда дээрлик бардык аскердик бөлүктөр катышкан машыгуулар өтүп жатканын, алардын айрымдары тапшырмаларды аткарып бүткөнүн билдирди.

"Мурагыдай эле күжүрмөн аскердик даярдык боюнча иш-чаралар аяктагандан кийин аскерлер өздөрүнүн туруктуу жайгашуу пункттарына жүрүш жасашат. Түштүк жана Батыш аскер округдарынын өз милдеттерин аткарып бүткөн бөлүктөрү темир жол жана автомобиль транспортуна жүктөө ишине киришти жана бүгүндөн тарта өздөрүнүн аскердик гарнизондоруна өтө баштайт", - деди Конашенков.

Ал Беларуста "Союздук чечкиндүүлүк - 2021" аскердик машыгуусу өтүп жатканын, анда болжолдуу сырткы агрессиянын мизин кайтаруу жолдоруна көңүл буруларын кошумчалады.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын билдирүүсүнө аскерлер чындап артка кайткандан кийин гана ишенүүгө болорун айтып, Москваны өз күчтөрүн чек ара аймактарынан толук чыгарып кетүүгө чакырды.

АКШ, Британия сыяктуу НАТОго мүчө өлкөлөр Орусия Украина менен чек арасына жакын аймактарына 130 миңдей аскерин жана аскердик техникасын топтоп койгонун, Москва кайсы учур болбосун Украинага кол салышы мүмкүндүгүн эскертип жатышат.

XS
SM
MD
LG