Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:35

Шаардык сот милиция Болот Темировду кармоодо мыйзам бузганын аныктады


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Бүгүн, 15-февралда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы мыйзамдуу болгону тууралуу чечимди күчүндө калтырды. Свердлов райондук сотунун бул чечимине карата апелляциялык арыз менен шаардык сотко жактоочулар кайрылган.

Шаардык соттун басма сөз кызматы билдиргендей, райондук соттун чечими өзгөрүүсүз калтырылды, даттануу арызы канааттандырылган жок.

“Бирок Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматынын кызмат адамдары Кылмыш-жаза кодексинин нормаларын бузганы аныкталды, ошондуктан ал адамдарга карата жеке аныктама чыгарылды” деп айтылат шаардык соттун басма сөз кызматынын маалыматында.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январга караган түнү кармап кеткен жана эртеси күнү кое берген. Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап салып коюшканын айткан.

Күч органдары аларды кармоодо мыйзам бузулбаганын билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG