Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

УКМК жасалма ПЧР-тесттерди даярдагандар аныкталганын кабарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жасалма ПЧР-тесттерди даярдаган каналдын ишине бөгөт коюлганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин диагностикалык лабораторияларынын QR коддору мененПЧР-тесттин терс жыйынтыгы тууралуу жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу боюнча мыйзамсыз канал аныкталды.

Шектүү катары Кыргызстандын жараны кармалды. Анын смартфонун текшерүүдө ата мекендик жана чет элдик диагностикалык лабораториялардын белгилүү тармактарынын миңден ашык жасалма электрондук сертификаттары табылган.

Чогултулган материалдар кармалган жаран менен бирге ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.

УКМК билдиргендей, диагностикалык лабораториялардын кызматкерлеринин кылмыштуу аракеттерге барышы мүмкүндүгүн жана жасалма ПЧР-тесттерине байланыштуу мыйзамсыз аракеттерге аралашкан башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

Буга чейин милиция жасалма ПЧР-тесттерин мыйзамсыз сатуу боюнча фактыларды аныктап, шектүүлөрдү кармаган. Былтыр сентябрда менчик лабораториянын эки кызматкери жасалма ПЧР- тесттерин 2 миң сомго сатканы аныкталып, кармалганы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG