Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:44

Түркмөнстанда Бердымухамедовдун уулу президенттик шайлоого аттанды


Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандагы Ахалтеке аттарына жана Алабай иттерине арналган иш-чара учурунда. 25-апрель, 2021-жыл.
Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандагы Ахалтеке аттарына жана Алабай иттерине арналган иш-чара учурунда. 25-апрель, 2021-жыл.

Түркмөнстандын Демократиялык партиясы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердарды өлкөдөгү негизги саясий кызматка талапкер кылып көрсөттү. Мындай чечим партиянын 14-февралдагы курултайында кабыл алынды. Андан бир нече саат мурда Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлерден арыздарды кабыл алууну ачык деп жарыялаган.

11-февралда Түркмөнстанды дээрлик 15 жылдан бери башкарып келе жаткан, 64 жаштагы авторитардык лидер Гурбангулы Бердымухамедов “жаш лидерлерге жол берүү ниети" бар экенин айтып, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин кыйыткан. Аны улай 12-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоону 12-мартка белгилеген.

Байкоочулар түркмөн президенти бийликти 40 жаштагы уулуна өткөрүп берүүнү көздөп турганын айтып жатышат.

Соңку жылдары Сердардын саясий карьерасы тездик менен өстү. Былтыр жайында атасы аны экономикалык, банк маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындаган.

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келет. Адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин катарында турат.

XS
SM
MD
LG