Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

Депутат Айдарбеков кыргыз-казак чек арасынан жүк алып өтүү кыйындаганын айтты


"Ак-Тилек" өткөрмө бекети.
"Ак-Тилек" өткөрмө бекети.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казак чек арасынан жүк алып өтүү кыйындап, жүк ташуучулар Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) принцинтерине туура келбеген тоскоолдуктарга туш болуп жатканын белгиледи. Эл өкүлү бул маселени бүгүн, 14-февралда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү. Ал бул көйгөйдү Тышкы иштер жана Экономика министрлигинин, Бажы кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуулоону сунуштады.

"Казакстандын аймагында транзит максаты менен кирген оор жүк ташуучуларыбызда орчундуу көйгөйлөр чыгат. Биздин фуралар "Ак-Тилек" жана башка өткөрүү пунктардан араң өтүп ЕАЭБ принциптерине туура келбеген жасалма тоскоолдуктарга дуушар болууда. Эң чоң маселе Кордай жакта "Барыз" деген кампа аркылуу өтүшү керек экен. Бул бажы жана чек ара жактагы эмес, жөнөкөй кампа. Ал жакта бейбаштык жана башаламандык пайда болот. Ошол жерде биздин фуралар жумалап, бир айдай негизсиз турат. Болгон товарларды ачып, таңгактарды бузат. Документтерди алып, кайра бербей коюшат экен. Казакстандын өткөрүү пунктарында рентген жабдыктар тез-тез бузулуп, иштебей калгандыктан фуранын ичинде текшерүү үчүн технологиялык катар түзгүлө деп талап коюшуптур", - деди Айдарбеков.

Эл өкүлү айрым учурда оор жүк ташуучуларды кайра Кыргызстанга кайтарган учурлар болгонун жана бул ЕАЭБдин ченемдери менен принциптери боюнча тоскоолдук деп эсептеле турганын белгиледи.

Февраль айынын башында Кыргызстандан Казакстанга бараткан жүк ташуучу унаалар негизсиз текшерилип, ар кандай тоскоолдуктарга туш болуп жатканы айтылган.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар. Казакстандагы соңку окуялардан кийин ал бекеттер ар кандай чектөөлөр менен иштеген. Январдын башында "Ак-Тилекте" автоунаалардын тыгыны байкалган. Чек ара кызматы аны майрамдардан кийинки жүк ташуунун көбөйгөнү жана Казакстандын аймагындагы текшерүү менен негиздеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG