Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:47

Казак чек арачылары кармап кеткен студенттин маселеси көтөрүлдү


Каркыра. Архивдик сүрөт.
Каркыра. Архивдик сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасынан казак чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык студенттин маселеси парламентте бүгүн, 10-февралда да көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев бул боюнча бир ай мурда протоколдук тапшырма берилгенин, азыркыга чейин натыйжа болбой жатканын айтты:

“Бүгүн да протоколдук тапшырма берели. Ошол инибизди ата-энесинин колуна кайтарып, мамлекеттик деңгээлде чечип берсек болот эле”.

22 жаштагы Сыймык Өмүрбек уулу 10-январда кармалган. Апасы Чынара Тамаева окуя Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгонун, уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткенин айтып, президент Садыр Жапаровдон жардам сураган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу мамлекеттин чек арачылары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирген. Алматыдагы Башкы консулдук бул маселе алардын да көзөмөлүндө экенин маалымдаган.

Жогорку Кеңеш 2002-жылы Үзөңгү-Кууш тилкесин Кытайга, ал эми 2008-жылы Каркыра жайлоосунун бир бөлүгүн Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдерди ратификациялаган жана бул коомчулукта чоң талкуу, нааразылык жараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG