Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:00

Опумбаев менен Жунушалиевге издөө жарыяланган эмес


Орозбек Опумбаев жана Кашкар Жунушалиев. 19-июнь, 2019-жыл
Орозбек Опумбаев жана Кашкар Жунушалиев. 19-июнь, 2019-жыл

Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевге жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралда басма сөз жыйынында билдирди.

“Бирок, 5-6-октябрда (2020-жылы) болгон окуялар боюнча тергөө жүрүп жатат. Күнөөсү далилденсе жоопко тартылат. Жеке өздөрүнө козголгон кылмыш иши жок жана издөө жарыяланган эмес”.

2021-жыл февралда Курманкул Зулушев “Азаттык” радиосунун “Ыңгайсыз суроолор” программасында Опумбаев менен Жунушалиевге издөө жарыяланып, кайсы жакта жүргөнү аныкталып жатканын билдирген.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкекте ири нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Ал күнкү митингдер түнү менен уланып, 6-октябрга караган түнү нааразылык билдирип чыккандар Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат жайгашкан Ак үйгө кирип барышкан. Ала-Тоо аянтындагы түнкү башаламандыктар учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргычтан улам жаракат алып каза болгон.

Ошол учурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт, анын ичинде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да 6-октябрда кызматтан кеткен. Кийин 9-октябрда ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагалык кызматынан бошоткон.

Бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуяларынан бери ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз. (BTo)

XS
SM
MD
LG