Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Экс-депутат Абжалиевдин кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болду


Алиярбек Абжалиев.
Алиярбек Абжалиев.

“Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болду. Башкы прокурор Курманкул Зулушев иш кандай жагдайда, эмне себептен кыскартылганын кийинчерээк тактап берерин айтты.

Экс-депутат Алиярбек Абжалиевге карата былтыр март айында Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) анын жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлкү бар экенин билдирген. Ошондой эле Абжалиевдин мүлкү делген имараттар тартылган бир нече фотолорду тараткан.

Атайын кызмат Абжалиев “кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн” деп айыптаган.

Ал иш козголгондо өзү чет өлкөдө жүргөн. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жыйындарына катышкан. УКМК тергөөдө Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн кабарлаган.(BTo)

XS
SM
MD
LG