Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

“ИМ” тобунун лидерин табууга 10 миллион доллар сый акы жарыяланды


Кабул аэропортундагы жардыруудан кийин. 26-август 2021-жыл
Кабул аэропортундагы жардыруудан кийин. 26-август 2021-жыл

АКШ “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Ооганстандагы лидери жашырынган жер тууралуу маалымат үчүн 10 миллион доллар сый акы убада кылды.

Мамлекеттик департамент былтыр 26-августта Кабул аэропортунда болгон жардырууга жооптуу адамдарды табууга көмөктөшкөндөргө да 10 миллион доллар берилерин билдирди. Кол салууда бери дегенде 173 киши каза тапкан, арасында америкалык 13 аскер бар болчу.

Жардыруу үчүн “Ислам мамлекети-Хорасан” экстремисттик уюмунун Ооганстандагы бөлүмү жоопкерчилик алган. АКШ уюмдун башчысы Санаулла Гафари экенин аныктаган.

Мамлекеттик департамент аны жана дагы эки кишини былтыр ноябрда глобалдык террорчулардын тизмесине киргизген. Өткөн жумада Пентагон аэропорттогу жардырууну жанкечти ишке ашырганы аныкталганын билдирген.

Кандуу окуя “Талибан” кыймылы Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин болгон.

XS
SM
MD
LG