Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Медет Садыркуловдун өлүмү: шектүүгө бир нече айып коюлду


Санжар Сапарбеков сот залында.
Санжар Сапарбеков сот залында.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шек саналып жаткан Санжар Сапарбековго Кылмыш жаза кодексинин (2021-жылдагы редакциясы боюнча) бир нече беренеси менен айып тагылды.

Прокурордун айыптоо актысы боюнча, Сапарбековго Кылмыш жаза кодексинин 40-беренеси “Кылмышты аткаруучу”, 122-беренеси “Адам өлтүрүү”, 165-беренеси “Адамды уурдоо”, 207-беренеси “Каракчылык”, 262-беренеси “Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу”, 211-беренеси “Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу”, 216-беренеси “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу”, 281-беренеси “Вандализм” менен айып тагылды.

Ал 1980-жылы Бишкек шаарында туулганын, мурда ишкерлик менен алектенгенин айтып, тагылган күнөөлөрдү толугу менен моюнуна албай турганын билдирди.

Ишти карап жаткан Аламүдүн райондук сотунун судьясы Бакыт Касымалиевдин башка да процесси башталып калгандыктан ишти кароо 21-февралда уланмай болду. Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти райондук сот 7-февралда териштирип баштады.

Санжар Сапарбеков былтыр ноябрь айында кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынган. Айрым маалыматтарга караганда, ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болгон.

Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу жагдайда каза болгон. Алардын сөөгү Чүйдө өрттөнгөн машинеден табылган. Ошол кездеги бийлик бул окуяны автокырсык катары сыпаттаган.

2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кайра иш козголуп, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевге “бул иштин башында турган, буйрук берген” деген айып коюлган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында 2011-жылы мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын, милициянын жана Чек ара кызматынын жогорку деңгээлдеги жана катардагы 17 кызматкери жоопко тартылган.(BTo/KS)

XS
SM
MD
LG