Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Мэрия: Травматология борборунун ишмердүүлүгүн министрлик чечет


Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борбору. Архив сүрөт.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борбору. Архив сүрөт.

Бишкек мэриясы Травматология жана ортопедия илимий борбору боюнча маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2004-жылы 17-марта Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек мэриясы жана Бишкек шаардык кеңешинин ортосундагы келишимге ылайык, “Тез жардам” кызматынын Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын базасында мэрияга караштуу Бишкек травматология жана ортопедия илимий борбору түзүлгөн. Ошол учурда борбордун директору болуп Сабырбек Жумабеков дайындалган.

2017-жылы Саламаттык сактоо министрлиги менен Бишкек мэриясынын ортосунда саламаттык жаатында кызматташуу боюнча келишим түзүлгөн. Документте шаардагы бардык саламаттык сактоо мекемелери, анын ичинде Травматология жана ортопедия илимий борбору министрликке караштуу экени жазылган. Мэриянын маалыматында, бул макулдашуу толук ишке ашпай калганы белгиленген. Учурда мэрия 2017-жылдагы келишим боюнча мыйзам чегинде иш алып барып жатканын билдирди.

“Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесинде саламаттык сактоо уюмдарынын ишин жөнгө салуусу жазылган. Анда “Ведомстволук баш ийүүлөрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык ишин жөнгө салуу, координациялоо, ошондой эле контролдоо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат” деп жазылып турат.

5-февралда Бишкектеги Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборун таркатып, анын ордуна шаардык "тез жардам" ооруканасын түзүү тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги чыгарган буйрукка каршы бир нече адам акцияга чыгышкан. Алар министр Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылып, борборду сактап калуу зарылдыгын айтышты.

4-февралда министр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековду директорлук кызматтан бошотконун жарыялаган. Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG